“АКЫРЕТТЕН КАТ” Nasaat.kg ден Насаат…

“АКЫРЕТТЕН КАТ”

Nasaat.kg ден Насаат…

Бул дүйнөдөн өтүп кеткен адам, тиги дүйнөдөн сизге насаат айтып кат жибергенин элестетип көрүңүз! Анын насааттары кандай болуусу мүмкүн деп ойлойсуз? Төмөнкү окуя бизге акыреттен жиберилген катты элестетүүгө жардам берет.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Исра жана Мираж туну Ибрахим пайгамбарга жолуктум. Ал мага: “О, Мухаммад! Үммөтүңө менин саламымды айта бар жана аларга: Бейиштин топурагы миск сыяктуу жыпар-жыттуулугун, суусу молтур кашка тазалыгын, эч нерсе отургузула элек бош жерлер бар экендигин айт. Ал жерлерге төмөнкү сөздөрду айткандарга бак тигилерин айта бар: “Субханаллах” (Алла Таала ар-кандай айып-кемчиликтерден таза), “Алхамдулиллах” (Алла Таалага мактоолор болсун) “ва лаа илааха илла Аллах” (Алладан башка ибадат кылууга татыктуу зат жок) “Аллаху акбар” (Алла Таала бардык нерселерден Улуу)” — деди.

Бул бейиш жөнүндөгү кабар, жалган жашоодон чыныгы жашоого көчкөн Ибрахим пайгамбардын айтканы. Ал бизге бейиштин топурагы, суусу жана «Субханаллах”, “Алхамдулиллах”, “ва лаа илааха илла Аллах”, “Аллаху Акбар” деген сөздөр менен бак отургузуп алууга боло турган бош жерлер бар экенин айтууда.
Эгерде сиз дагы ушул зикрлерди үй-бүлөңүзгө, досуңузга, тааныштарыңызга үйрөтсөңүз, алар бул сөздөрдү айткан сайын аларга да сизге да бейиштен бирден дарак отургузулат. Алар бул зикрлерди кайталап жаткан кезде балким сиз уктап жаткан болушуңуз мүмкүн, тамактанып же иштеп жаткан болушуңуз мүмкүн. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жакшылыкка үндөгөн адам, аны аткарган адамдай эле соопко ээ болот” – деген.

Nasaat.kg ден Насаат…

🔴Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр…
Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…