«КЫЗЫМ-МЕНИН НАМЫСЫМ” Абдишүкүр ажы Нарматов.

«КЫЗЫМ-МЕНИН НАМЫСЫМ”

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Бүгүнкү күндө көчөгө чыксан эки түрдүү аялдарды жолуктурасың.

 

Биринчиси: Куранда сөз болгон Мисир падышалыгынын вазиринин аялы Зулайка сыяктуулар. Алар кашы-көзүн боёп, крем сүйкөнуп, чачын жасалгалап,  аңкыта атыр себинип, анан сыртка чыгышат. Алардын сырткы көрүнүшү: «Кана, бери кел!» — деп тургансыйт.

 

Экинчи түрү: Уяттуу (аврет) жерлерин жаап-жашырган аялдар. Алар зарылдыкта муктаждыктарын чечуу үчүн көчөгө чыгышат. Алардын сырткы көрүнүшү Куранда эскерилген, Муса пайгамбарга жолугуп: «Малчылар малын алып кеткенге чейин (биз малыбызды сугара албайбыз), атабыз болсо улгайып калган» — деп ийменип турган кыздарга окшош. Б.а. бул ишти аткара турган бизден башка эч ким жок, ошондуктан сыртка чыгууга мажбур болдук деп тургансыйт.

 

Биринчи түрдөгү аялдарга Юсуф пайгамбар сыяктуу мамиле кыл! Аларга тигиле караба, көзүңдү ала кач жана: «(Аялдардын азгырыгынан) Аллах сактасын» — деп тиле.

 

Экинчи түрдөгү аялдарга Муса пайгамбар сыяктуу мамиле кыл! Адептүүлүк менен жардам бер да, жолуң улап кете бер! «Муса алардын малын сугарып берди да көлөкөгө карай бурулуп кетти» — деген аятты эсте.

 

Чындыгында Юсуф пайгамбардын уяттуулугу, аруулугу жана тазалыгы Мисир падышалыгына вазир болуусуна себеп болгон.

 

Ал эми Муса пайгамбардын «Айкөлдүгү» Аллах Тааладан корккон ыймандуу аялга баш кошууга жана башпаанектүү болууга себеп болгон.

 

Айтайын дегеним, аялдын кийими анын атасы ага кандай тарбия бергендигинен, бир туугандарынын ыйман денгээленинен, күйөөсүнүн кызганычынан жана кандай жигит экендигинен кабар берет. Айрыкча, апасы ага кандай тарбия бергенин, Аллах Таала дайыма мени көрүп, кылганымды көзөмөлдөп турат деген сезимди кызынын жан дүйнөсүнө сиңире алганбы, муну кыздын кийген кийиминен билсе болот.

 

Ошондуктан, эл Мариям энебизге: «О, Харундун карындашы! Сенин атаң жаман киши эмес эле, апаң да бузуку эмес болчу!» — деп, анын журум-турумун агасы жана ата-энеси менен байланыштырышкан. Ата-эненин жана ага-ининин тазалыгы жана аруулугу кыздын туура тарбия алуусуна себеп болот.

 

Кыздардын бирөөсү мындай дейт: Көчөгө чыкканда, боёнуп, кыска кийинип алган кыздарды көргөндө алардын ата-энесине боорум ачып, төмөнкү аят эсиме түшөт: «Аларды токтоткула, анткени алар (кылган иштеринен) суралуучулар». Бул аятты эстеген сайын Кыямат күнү апам мен үчүн Алла Тааланын астында суракка тартылуусунан коркуп, ар-намысымды сактаганга дагы көбүрөөк аракет кылам.

 

Аллах Таала бул дүйнөдө бизге арам кылган нерселердин кээ бирлерин бейиште адал кылган. Бирок,  жарым-жылаңач болуп журуу эки дүйнөдө тең арам. Бейиште курсагың ачпайт жана жарым жылаңачтар жок…

 

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Nasaat.kg

Эскертүү жана АМАНАТ макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

 

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…