«КУРМАНДЫК ЧАЛУУЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!» Шейх Абдишүкүр ажы Нарматов.

«КУРМАНДЫК ЧАЛУУЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!»

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Курмандыкка кой, бука, топоз жана төө сыяктуу жандыктар жарайт. Кой бир жашка толгон болуусу шарт, эгер алты айлык козу болуп, бирок чоң болсо жана бир жашар койдой эле эт берсе, анда андай козу курмандыкка жарактуу. Топоз же бука болсо эки жашка толгон болуусу керек. Жети адам биригип бир бука же топоз сойсо да жарайт, бирок жетөөсүнүн тең ниети курбандык чалуу болуусу шарт. Эгер жетөөнүн бирөөсү эле жөн гана эт жегиси келип кошулуп алган болсо, анда эч кимисинин курмандыгы өтпөй калат. Ал эми төөнүн жашы беш жашка толгон болуусу шарт кылынат.

Союлган жандык канчалык чоң, канчалык кымбат, канчалык семиз болсо, сообу да ошончолук чоң болот.

Мен аябай чоң жана семиз малды курмандыкка чалдым, же мен өтө көп сандагы жандыкты курмандык кылдым деп мактануудан, бой көтөрүүдөн, текеберлик кылуудан сактануу зарыл… Куранда Алла Таала мындай дейт:

» لَن يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَٰكِن يَنَالُهُ التَّقْوَىٰ مِنكُمْ ۚ…. »

“Курмандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллага жетпейт. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллага ) жетет (Курмандык чалуу – силердин канчалык такыба экендигиңерди көрсөтүп турат).” Хаж сүрөсү 37 чи аят.

Абу Аюб Ансарийден (Алла Таала андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)дын доорунда курмандык чалуу кандай болот эле деп сурашканда, минтип жооп берген: “Бир киши өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан бир койду курмандык кылып, анын этинен өздөрү да жеп, анан башка адамдарды да тамактандырчу. Ошентип отуруп адамдар чалган курмандыктары менен сыймыктанышып, курмандыкка чалынчу малдар сен көрүп тургандай болуп калды”.

Кээ бир адамдар Зул-Хижжа айынын биринчи он күндүгүнөн мурда курмандык чалууну ниет кылбаган адамдын курмандыгы кабыл болбойт деген түшүнүктө жүрүшөт, бул туура эмес түшүнүк. Балким, айттын үчүнчү күнү ниет кылып шам намазынын убактысы киргенге чейин курмандык чалганга жетишип калса да кабыл болот ИншАллах.

Курмандык чалган адамдардын арасында, Зул-Хижжа айында үй-бүлөмдүн мүчөлөрү, кары-жаш дебей эч кимиси чачын албашы керек, же тырмактарын кыскартпашы керек деген туура эмес түшүнүктө жүргөндөр бар, бул түшүнүк да туура эмес. Туурасы курмандык чала турган кишинин гана чачын албай туруусу, жана тырмактарын кыскартпай туруусу жакшы деп эсептелинет. Бирок, чачын алып же тырмактарын кыскартып алган болсо арам иш кылган болуп эсептелбейт, ага тыйуу жок.

Кээ бир адамдар курмандыкка чала турган малдын акчасын садака кылып жиберсем көп сооп табам деп ойлошот, бул да туура эмес түшүнүк. Эгер бул ой туура болгондо Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) да курмандык чалбай эле, акчасын садака кылмак жана бизди да ошондой кылууга буюрмак.

Кээ бир адамдар курмандыкка союлган малдын терисин же этин сатса болот деп ойлошот, же касабка сиздин иш акыңыз деп жандыктын терисин, же этинен бергендер да кездешет, бирок шариатта андай кылууга уруксат берилбейт.

Алла Таала бардыгыбыздын курмандыктарыбызды кабыл кылсын!!! Амин…!

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Nasaat.kg

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw…

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.kg

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…