КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ТӨРӨГАСЫ АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМОТОВДУН КУТТУКТООСУ.

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН
ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ,‎

КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ

АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВДУН

УЛУК КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАЛПЫ ЭЛИНЕ ЖОЛДОГОН

КУТТУКТООСУ

Урматтуу мекендештер!‎

Кымбаттуу кадырман мусулмандар!‎

Сиздерди Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин, ‎Кыргызстан Ислам Университетинин жалпы эмгек жамаатынын жана жеке ‎өзүмдүн атымдан ак пейилден улук Курман айт майрамы менен куттуктаймын!‎

Жараткан Кудай Таала жерибизге тынчтык, береке, элибизге ыйман, ‎ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!‎

Курман айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып ‎келсин!‎

Урматтуу мекендештер!‎

Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, ‎боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.‎

Айт – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, ‎дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген, өз ара ыйкы-‎тыйкыларды жок кылган диний майрам.‎

Айт – жалпы жамаат катышкан айт намаздары менен, айттын, майрамдын ‎кубанычын, сезимин, бактылуулугун жарыялаган такбирлери менен, ‎мусулмандардын биримдиги жана ал күндүн кут-берекелүү болуусу үчүн ‎айтылган үгүт-насааттары менен жана эли-жердин аман-эсенчилиги үчүн ‎кылынган дуба-тилектери менен адамдардын ички сезимдерин майрамдык ‎маанайга бөлөгөн улук күндөр.‎

Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, ‎кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Ушул күндөрү бардык ‎мусулмандар изги-сооптуу иш-аракеттерди жасап, келечекке изги ниет кылып, ‎Жараткан Алла Таалага үмүт-тилектери менен кайрылышат.‎

Курман айт мусулмандар үчүн барга топук, азга каниет кылып, тазалык ‎жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын ‎аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү.‎

Мына ошондуктан бизди Курман айт майрамына жеткирген Алла Таалага ‎канча ирет шүгүр келтирсек аздык кылат.‎

Курман айт ал күндөрү аткарыла турган ажылык жана курмандык чалуу ‎амалдары менен улук жана таанымал.‎

Курмандыктын хикматы болсо, анын этин өзүбүзгө караганда аябай ‎муктаж болгон адамдарга берүү, Жараткандын бизге берген нимат-‎жакшылыктарын башкалар менен бөлүшүү, ошентип ортобуздагы бир ‎туугандык байланыштарыбызды күчөтүү менен иш жүзүнө ашат.‎

Курмандык – бул Алла Таалага берилүүнүн, Жараткандын буйрук-‎талаптарына баш ийип, моюн сунуунун, ыкластуулуктун, напсиге эмес, ‎Жараткан Алла Таалага кул болуунун символу.‎

Алла Таала сунган курмандыктарыбызды кабыл кылып, айт майрамы өзү ‎менен кошо алып келген боордоштук, өз ара жардамдашуу сезими менен ‎бүткүл аалам тынчтыкта, аман-эсенчиликте жашоосун насип кылган болсун!‎

Мына ушул айтта майрамдык шаңга кабылбаган эч бир адам, эч бир үй-‎бүлө калбасын. Үйүндө же керебетинде бирөө-жарым мени көргөнү келер ‎бекен деп зарыгып жаткан оорулууга, дасторконуна коёрго тамагы жок ‎муктаждарга, жалгыздыктын караңгы үңкүрүндө үңүрөйө калгандарга, ата ‎камкордугуна, эне мээримине зар болгон жетимдерге, кабыргасы кайышып, ‎тирегинен ажыраган жесирлерге, картайганда караан болоор перзентинен ‎айрылган карыларга, деги эле жардамга муктаж болуп, ынтызарлана көмөк ‎күткөн ар бир адамга, керек болсо жалпы адамзатка майрамдык маанай ‎тартуулоого, аларга жардам колун сунуп, жүзүндө жылмаюу пайда болуп ‎кубануусуна себепкер болгонго шашылалы.‎

Алла Таалага жакын болуунун символу, сүйүүнүн, чынчылдыктын, ‎берилгендиктин, аманаткөйчүлүктүн белгиси катары жыл сайын мусулмандык ‎дүйнө таанымыбызды жаңылоо үчүн келген, биримдик, ынтымак, боордоштук ‎жана башкаларды ойлоо сезимдерибизди бекемдеген, ыйман, ибадат жана ‎тарыхый кубанычтын атмосферасынын ичинде табыштырган, ошондой эле ‎ушундай кубанычты түбөлүккө ташыган мээрим-ырайымдуулук, кут-береке ‎жылоологон улук Курман айт майрамыңыздар менен баарыңыздарды дагы ‎бир жолу ак дилден куттуктаймын!‎

Ал эми ажылык болсо, биримдиктин, тең укуктуулуктун, тилектештиктин, ‎‎«бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруунун», «өйдөдө өбөк, ылдыйда ‎жөлөк болуунун» символу.‎

Мусулмандык парзын аткаруу максатында касиеттүү Меккеге барышкан ‎ажылардын, алардын арасында мекендештерибиздин ажылыгы кабыл болуп, ‎өз өлкөсүнө аман-эсен кайтып келишсин.‎

Курман айт жан дүйнөбүзгө, үй-бүлөбүзгө, өлкөбүзгө, бардык Ислам ‎ааламына, бүтүндөй жер жүзүнө бакыт-таалай, кубаныч менен сүйүнүч ала ‎келүүсүн Жараткан Кудай Тааламдан жалынып суранам!‎

Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, бейкутчулукту берсин. ‎Бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалайм.‎

Дагы бир жолу Курман айтыңыздар маарек болсун!‎

Саламым жана урматтоом менен куттуктоо жолдоп,‎

Кыргызстан мусулмандарынын
Аалымдар Кеңешинин төрагасы,‎

Кыргызстан Ислам университетинин ректору

Абдишүкүр ажы
Нарматов

Бишкек шаары.