«КҮНӨӨКӨР АДАМГА КАЙДЫГЕРЛИК КЫЛБА» Шейх Абдишүкүр Нарматов.

«КҮНӨӨКӨР АДАМГА КАЙДЫГЕРЛИК КЫЛБА»

Абдишүкүр Ажы Нарматов

Азирети Умар дайыма жыйынга катышып жүргөн Шамдык кишинин жыйынга келбей калганын байкап, Сахабалардан анын кайда эмне менен алек болуп жүргөндүгүн сурады.
Сахабалар: «Оо момундардын башчысы! Ал киши арак ичип кетиптир, бир нече күндөн бери аны көрө элекпиз»-деп, жооп беришти.
Азирети Умар катчысын чакырып төмөнкүдөй кат жаздырды: «Хаттабтын уулу Умрадан баланча уулу баланчага. Сага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун!»-деп, гоофир сүрөсүнүн 3 чү аятын жаздырды, « (Ал Аллах) күнөөлөрдү кечирүүчү, тооболорду кабыл кылуучу, азабы катуу жана күч-кудурет ээси. Андан башка Кудай жок жана кайтуу Ага (Аллахка)».
Андан кийин сахабаларга минтип кайрылды: «Бир тууганыңардын кылган күнөөлөрүнө өкүнүп,чын жүрөктөн тообо кылуусу үчүн дуба кылгыла!»
Азирети Умардын каты жеткен соң катты окуп жатып ичинен кайра-кайра аятты кайталап окуду: «Күнөөлөрдү кечирүүчү, тооболорду кабыл кылуучу, азабы катуу».
Бул аятты окугандан кийин ал киши: Азабынын катуулугун эскертип, Өз кечиримин убада кылган Аллах Таалага чын жүрөктөн тообо кылды.
Анын тообо кылганын уккан азирети Умар сахабаларга: «Эгер бир тууганыңар жаңылышып күнөө кылса,анын туура жолго түшүүсүнө түрткү болгула жана анын тообо кылуусу үчүн Аллахка дуба кылгыла! Шайтанга шериктеш болуп бир тууганыңардын арам жолдо жүрүүсүнө ыраазы болбогула!»-деп, насаат кылды.


Абдишүкүр Ажы Нарматов

Nasaat.kg

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw…

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.kg

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…