«УБАКЫТКА УТТУРБА» Шейх Абдишүкүр Нарматов.

УБАКЫТКА УТТУРБА

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Күндөр учкан куштай зымырап өтүп жатат. Чарчадым, уктап эс алайын деп башыбызды жаздыкка коёр замат кайра таң атат. Мына ойгондум деп, уйкудан турар замат кайра кеч кирип, түн бир оокум. Күндөр токтобой өтүп барат, биз дагы токтобой, жашоонун агымы менен жарышып, алдыга карай жылышыбыз керек. 
Өзүмчө ойлонуп олтуруп өзүмө-өзүм: «Чыныгы бактылуулар кимдер?» – деп, суроо берип, анын жообун таптым. Көрсө, чыныгы бактылуу адам: Кыямат күнү окулуучу китебинин барактарын сооптуу иштер менен толтурган адам экен.
Күн сайын көз алдыбызда кырсыктарга күбө болуудабыз. Жакындарыбыз бул дүйнө менен кош айтышып кетип жатат. Биз эмне үчүн булардан сабак албайбыз?
Ичээр суу, татар тузубуз түгөнө электе акыретте пайдасы тийчү амалдарды аткарып калалы, жок дегенде:
— озунуп салам бер;
— намазды убагында оку;
— жылуу мамиле жаса;
— бир сом болсо да садага бер;
— бир жолу болсо да тасбих айтып зикир чал;
— бир жолу болсо да истигфар айтып кечирим тиле;
— бир күн болсо да напил орозо карма;
— бир ооз болсо да Пайгамбарга салават айт;
Ушунтип аз болсо да жүрөккө акырет камын киргиз. Бул дүйнө убактылуу, анда эч ким , эч нерсе түбөлүк калбайт. Аллахты эсиңден чыгарба. Башкаларга да Аллахты эстетип тур. Жок дегенде СМС аркылуу болсо да Аллахты эстет.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Nasaat.kg

🔴Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw…

Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…