«Мен пайгамбарымды (ﷺ) сүйөм»…

Бүгүн М.Горький атындагы паркында «Мен Пайгамбарымды (ﷺ) сүйөм» атту тынчтык акциясы болуп өттү. Аталган акцияда ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер, Даргин, Тажик диаспорасынан, шаар тургундары  жана коноктору, ошону менен катар жаш активистер катышышты.

 

«Мен Пайгамбарымды (ﷺ) сүйөм»  атту тынчтык акциясына болжолу менен 700-800 чамасында киши келишип, алар Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)га болгон сүйүүлөрүн жана Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)дын  моралдык жана руханий баалулуктарына шек келтирүү туура эместигин бир ооздон айтып жатышты.