«100» ЖЫЛДАН КИЙИН… Абдишүкүр ажы Нарматов.

«100» ЖЫЛДАН КИЙИН…

 

Абдишүкүр ажы Нарматов.

 

2019-жыл. Арадан 100 жыл өткөндөн кийин баарыбыз тууган-туушкан, жоро-жолдошторубуз менен жер астында жатабыз. Анткени аты аталганда дене муздаган «Өлүм» деген чындык бар. Ал кары-жашты ылгабайт, ак же кара деп тандабайт. Ошол кезде бара турган жерибиз айдан ачык билинип калат. Опосу жок жашоодон кеткенде, биздин үйлөрдө биз тааныбаган чоочун адамдар жашап, биз аткарчу иштерди башкалар жасайт. Жыйган-терген мал-дүнүйөбүзгө да башкалар ээ болот. Балким, бизди эч ким эстебей унутулуп каларбыз. Бүгүнкү күндө кимибиз атабыздын чоң атасын эстей алабыз? Балким, атын, дене түзүлүшүнүн гана эстегендер бар чыгаар, бирок убакыт баарын унуттурат. Биз деле ошолор сыяктуу кээ бир адамдардын элесинде калбасак, көпчүлүк бизди унутары турган кеп. Анда эмне үчүн эртеңки күнү унутулуп калышыбызды билип туруп адамдардын көңүлүн өзүбүзгө бургубуз келет?. Эмне үчүн байлыгыбызды, балдарыбызды, ээлеген кызмат ордубузду, үй-жайыбызды акыреттен өйдө коёбуз?. Жүз жылдан кийин булардын бирөөсү да пайдасын тийгизбейт. Бүгүнкү жашап жаткан күнүбүз эртеңки күндө өтмүш же көз ирмем катары сакталып унутта калат. Бизден кийин урпактарыбыз биздин ордубузду басары бышык, бирок бул жашоодо Жараткандан башка эч нерсе түбөлүктүү эмес, түбөлүктүн да түбү өлүк дегендей алар да өздөрүнөн кийинки урпактарга орун берип бул дүйнө менен кош айтышып кете берет. Өлгөн адамдардын көпчүлүгү кыялынын кырктан бирин гана ишке ашыруусу мүмкүн, ал эми калган бөлүгү кыял бойдон кала берет. Андыктан өзүбүздүн бул жашоодогу көлөмүбүзгө жана өмүрүбүздүн ченине карап көрөлү, чындыгында ал биз элестеткенден кичинекей жана аз. Жүз жылдан кийин караңгылык менен бейпилдиктин арасында калган кезде бул дүйнөнүн эч нерсеге арзыбаган кичинекейлигин жана көптөгөн кыялдарыбыздын маанисиз экендигин түшүнөбүз. Ошол учурда өмүрүбүздү сооптуу иштерди кылып өткөрбөгөндүгүбүз үчүн бармак тиштейбиз. Өзгөчө, бар байлыгыбызды сообу үзүлбөй жетип туруучу иштерге садака кылбаганыбыз үчүн башыбызды ташка урабыз, бирок андан эч бир пайда чыкпайт. Ал тууралуу Алла Таала Куранда: «Алардын бирине өлүм келген кезде ал: О, Эгем! Мени артка кайтара көр! Мүмкүн мен калган өмүрүмдө жакшылыктарды жасаармын» — деп айтат. Жок! Бул өзү мурдатан айтып келген эле сөз. Алардын артында алар тирилчү күнгө чейин тосмо бар». Момундар сүрөсү 99-100-аяттар.

 

«Силердин бирөөңөргө өлүм келээрден мурда, Биз силерге берген ырыскылардан сарптап калгыла! (Өлүм келгенде) ал: Эгем эгер менин өмүрүмдү бир аз узартсаң мен кайрымдуулук иштерге садака берип, жакшылардын катарында болор элем» — деп айтат. Мунафикун сүрөсү 10-аят.

 

Биз дагы ичээр суубуз, татаар тузубуз түгөнүп, өлүм периштеси келээрден мурда жакшылык иштерде жарышып калалы!!!

 

 

Абдишүкүр ажы Нарматов.

 

Nasaat.kg

 

www.nasaat.kg

 

🔴Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

 

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

 

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

 

Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

 

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.kg

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…