«Куран – жүрөктү тазартат» Абдишүкүр Нарматов.

Куран – жүрөктү тазартат
Бир киши Куранды дайыма окуйт, бирок жашы улгайып калгандыктан, сүрөлөрдү жаттай албай кыйналат. Күндөрдүн биринде кичинекей баласы: «Атаке! Сүрө жаттабай эле дайыма Куран окуйсуз, андан эмне пайда?» — деп сурайт. Атасы: «Мен сага анын сырын анан айтып берем. Сен алгач бул себетти алып дарыяга бар да, суу толтуруп кел» — дейт. Баласы: «Себетке кантип суу толтурам, токулган себетке суу турмак беле?» — деп таңыркайт. Бирок, атасынын айткан сөзүнөн чыкпай себетти көтөрүп дарыяга барып, суу толтуруп атасын көздөй чуркайт. Бирок, атасынын жанына келгенче суу себеттин түбүнөн агып калат. Бала атасына:»Мындан эч бир пайда жок, себетке суу толтуруу мүмкүн эмес» — дейт. Атасы: Дагы бир жолу аракет кылып көрчү – дейт. Бала беш-алты жолу аракет кылат, бирок анысынан эч майнап чыкпайт. Акыры чарчаган бала: Себетке суу толтурганга такыр мүмкүн эмес — деп отуруп калат. Ошондо атасы:»Себеттеги эч бир өзгөрүүнү байкаган жоксуңбу балам?» — дейт. Баласы: Ооба, байкадым, көмүр ташып себеттин ичи капкара болгон эле, азыр ал апакай болуп тазарып калыптыр — дейт. Атасы: «Мына, Куран да ошол сыяктуу, күнөөлөрдүн айынан карарып калган жүрөктөрдү тазартат. Жаттай албасаң да, окуп турсаң, суу себетти тазалаган сыяктуу жан дүйнөңдү кирден тазалайт» — дейт.
Сиз да Куран жаттай албаймын деген шылтоо менен тап-такыр Куран окууну таштап койбоңуз. Жаттай албасаңыз да, окуй бериңиз, Куран сиздин жүрөгүңүздү тазартып, жан дүйнөңүзгө тынчтык, бейпилдик, аруулук тартуулайт.

Абдишүкүр Нарматов.

www.nasaat.kg

🔴Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber 
Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0771710871/ 
Инстаграм: https://www.instagram.com/ 
Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k