«ЖАКШЫ ӨЛҮМ» (көз жаш агызган окуя)

«Жакшы өлүм»

Саудиянын борбор шаары Эр-Риядда болгон окуя. Жашы он алтыга чамалаган жигит багымдат намазын күтүп мечитте Куран окуп отурган. Имам келип намазды баштаганда, жигит колундагы Куранды текчеге коюп, намазга сапка шашылды. Бирок, эсинен танып сапка жетпей жыгылып калды. Аны ооруканага алып барышты…
Окуянын уландысын жигитти караган дарыгердин оозунан угалы:
“Бизге жигитти жаназасы окулган адамды көтөргөндөй көтөрүп келишти. Аны текшерип көрсөм, жүрөк кан тамырындагы кандар уюп калган экен. Ошого карабастан, өлбөй тирүү калыптыр. Адатта мындай ооруга чалдыкса адам эмес, төө да өлөт. Жигиттин абалын карап отурдум, ал өлүм менен күрөшүп, жашоосундагы эң акыркы демин алды да ошол бойдон дем алуусу токтоп калды. Биз ага жардам бергенге шашылдык, жүрөгүнө жасалма дем алдырууга аракет кылдык. Тез жардамда нөөмөттө турган дарыгерге анын абалын байкаштырып карап туруңуз деп, өзүм керектүү шаймандарды алып келип, ооруп жаткан жигитке убактысында жардам берели деген ойдо шашылып чуркап кеттим. Кайтып келсем, жигит тез жардамда иштеген дарыгердин колун кармап, ал эми дарыгер кулагын жигиттин оозуна коюп тыңшап отуруптур. Жигит дарыгердин кулагына бир нерселерди шыбырап жатыптыр, мен аларга карап бир саамга токтоп туруп калдым. Арадан көп убакыт өтпөй, жигит дарыгердин колун коюп жиберип, оң тарабы менен жатканга аракет кылды. Анан тилин араң кыймылдатып: «Ашхаду ан лаа илаха иллаллох, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва росулуху» — деп бир нече ирет кайталады. Ошол бойдон тамыры сокпой, жүрөк согуусу да токтоп калды. Биз бар күчүбүздү жумшап аны сактап калганга аракет кылдык, бирок аракетибиз майнапсыз болду. Анткени Алла Тааланын жазган жазмышы, жигит «Аманат» жанын тапшырды.
Ошол кезде тез жардамда иштеген дарыгер көз жашын көлдөтүп ыйлап отурганын көрдүк. Биз таң калып, себебин сурадык. Ал ыйын баса албай, көпкө чейин шолоктоду. Бир аздан кийин өзүнө келди. Мен андан: Жигит сиздин кулагыңызга эмне деп шыбырады? — деп сурадым. Ал: Ооруп жаткан жигит сиздин ары-бери чуркап жатканыңызды, муну кылгыла, тигини кылбагыла деп бизге буйрук берип жатканыңызды көрүп, сиздин жүрөк дарыгери (кардиолог) экениңизди билди. Анан менин кулагыма: Кардиолог кесиптешиңизге айтыңыз, өзүн кыйнабасын! Мен азыр көз жумам, аны мен анык билем. «Аллага ант болсун! Мен бейиштен өзүмдүн ордумду көрүп жатам» — деди.
Алла Таала Куранда: «Чындыгында: «Эгебиз Алла» — деп, (такыбалыктын чегинен чыкпай) бекем тургандарга периштелер түшүп: «Коркпогула! Кайгырбагыла! Силерге убада кылынган Бейиш аркылуу кубанычка бөлөнгүлө», — дешет. Фуссилат сүрөсү, 30-аят.
Алла Тааланын буйруктарын аткарган такыба адамдар менен Анын буйруктарын аткарбай моюн жоондук кылган адамдардын өлүм алдындагы абалы да ар түрдүү болот.
О, Жараткан Алла! Акыркы демибизде: «Ашхаду ан лаа илаха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва росулуху» — деп келме келтирип көз жумууну насип кыл. О, Жараткан Алла! Бизге өлүмдөн мурда тобо кылууну, өлөр алдында келме айтууну, көз жумгандан кийин Бейишиңди насип кыл! Оомин!

www.nasaat.kg

🔴Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber 
Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0771710871/ 
Инстаграм: https://www.instagram.com/ 
Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k