Чынчыл таксист дүйнөнү таң калтырды

Британиялык мусулман таксист адал жашоонун үлгүсү катары дүйнөгө таанылды. Шаарда таксист болуп жан багып жүргөн Мухаммед Нисардын унаасына вокзалдан бейтааныш адам отурган. Ал көздөгөн жерине жетип түшүп кеткенден кийин бир канча убакыт өткөн соң таксист арткы отургучта калып калган сумканы байкайт.

 

Аны ээсине кайтарып берүү үчүн бир топ убара болуп, акыры сумканы эсин табат. Жоготкону табылган жолоочу кубанганынан таксистке эмне айтарын билбей апкаарып калат. “Ошол учурда анын жүрөгү токтоп калабы деп коркуп кеттим, ал өзүн жоготуп коёюн деп араң турду” деп билдирет 3 баланын атасы, 55 жаштагы таксист. Көрсө, сумкада кымбат баалуу машина сатып алуу жыйналган акча бар экен. Таксистин айтуусунда, бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес экен. Анын унаасында телефон, кол баштык ж.б. буюмдар калып калган учурлар бир канча жолу болуп, чынчыл таксист аларды да өз ээсине кайтарган экен.