Туфайл ибн Амр Ад-Дауси

«О, Жаратканым! Туфейлге өзү каалаган белгини ата кыл. Көздөгөн максатына жетсин!» (Алланын элчисинин дубасы)

Даустук Амирдин уулу Туфейл ислам дининен мурунку «сабатсыз доор» деп аталчу мезгилдерден тартып Даус уруусунун бийи болгон. Арабдардын арасында өздөрүнүн меймандостугу, жоомарттыгы менен атагы алыска кеткен инсандардын бири катары да таанылган.Анын үйүнөн такыр мейман үзүлчү эмес, очогунда от күйгөнү-күйгөн, казанында чүйгүндөлүп салынган эт боркулдап кайнаганы-кайнаган, дасторкону кенен-кесир жайылып, анын бети түрдүү-түрдүү даамга толгону-толгон, келгендерге эшиги дайыма ачык турганы-турган. Ач калганды тоюндурчу, алсызга кайрат берип арка-жөлөк болчу, жардам сурап келгенди жардамсыз кайтарбаган, колунда болгонун аябаган кенен адам болгон. Өтө акылдуу, кичи пейил, арканды алыс таштап ойлонгон, кыраакы киши. Анын өзүнө гана таандык өзгөчө сапаты, жез таңдай чечендиги, сөздү аябай ыйык туткан сөзмөрдүгү, сөздүн жаман-жакшысын, сырткы-ички маани-маңызын талдагандыгы, сыйкырлап коё турган сөздөрдү да ажырата билгендигинде эле.* * *

Күндөрдүн биринде Туфейл мекени Тихаманы[2] сүрөлөрүн окуп берди. Аллага касам ичем! Ойлонуп көрсөм, мындай сөздөрдү, мындай кара кылды как жарган адилеттүүлүктү эч качан укпаптырмын. Ошондон кийин ага колумду сунуп, Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси деп күбөлүк бердим да, ислам динин кабыл алдым.

Ошентип мусулман болдум.

* * *

Андан соң бир топ убакыт Меккеде ислам негиздерин үйрөнүп жүрүп калдым. Курандын кээ бир сүрөлөрүн жаттадым. Үйүмө кайта турган да күн келди.

– Эй, Алланын элчиси! Мен өз элимдин бийимин. Барарым менен буюрса, аларды динге чакырам, ошон үчүн Алладан мага бир белги берүүсүн сенден суранар элем, – деп кайрылдым.

«О, Жаратканым! Туфейлге өзү каалаган белгини ата кыл. Көздөгөн максатына жетсин!», – деп пайгамбар дуба кылды.

Мен киндик каным тамган жерге зуулдап жөнөп кеттим. Колоттон ашып, алыстан айылым көрүнгөн кезде, маңдайма бир жарык нур пайда болду. «О, Алла, бул жүзүмдөгү жарыктык белгини башка жерге орнот. Өз дининен чыккандыктан, кудайчалар Туфейлди ушундай кылып жазалаптыр деген ойго келишпесин» дедим. Жарыктык нур камчымдын учунда пайда болду, эл менин камчысына чырак таңып алган го дешиптир, кийин билсем. Аларды көздөй тоонун боору менен акырын бастырып бараттым.

Биринчилерден болуп карыган атам тосуп чыкты.

– Бүгүндөн баштап мен сенин уулуң эмесмин, сен менин атам эмессиң, – дедим.

– Ай, уулум. Бул эмне дегениң! – деп, аң-таң калды.

– Мен ислам динин кабыл алдым. Мухаммад (ага Алланын зор мактоосу жана тынчтыгы болсун) жолуна түштүм.

– Уулум, сенин диниң – менин диним, – деди атам.

– Андай болсо, атаке, барып жуунуп, тазаланып кел. Сага билгенимди үйрөтөйүн, – дедим.

Атам жуунуп, тазаланып, жетип келди, ага уккан көргөнүмдүн баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал узакка ойлонуп олтурган жок, дароо эле динди кабыл алды.

Андан соң жубайым келди:

– Сенин төрт тарабың кыбыла, кайда барсаң өз эркиң. Бүгүндөн тартып сен менин аялым эмессиң, мен сенин күйөөң эмесмин, – дедим, ага шашкалактап. Ал уккан кулагына ишенбей, дендароо боло түштү да:

– Атам-апам сага курман болсун! Бул эмне дегениң?, – деди.

– Экөөбүздү бөлүп турган нерсе ислам дини. Мен бул жаңы динди акыйкат деп билип, аны кабыл алдым.

– Сенин диниң менин да диним, – деди.

– Айтканың чын болсо, тур «Зу-аш-Шара»[4] согушунда Амир атасы сыяктуу биринчи сапта ажалды оозуна тиштеп, эч жалтанбай ажаан душмандын адебин берип, аёосуз салгылашып жатып, шейит болот.

* * *

Шейит болгон ата-балага Алла Таала ырайым кылсын!!!


[2] Курандын 112,1133,114 –чү сүрөлөрү.

[4] Бул эң ири согуштардын бири болуп эсептелинет, мусулмандар византиялыктардын үстүнөн зор жеңишке жетишет.