Абдулла ибн Хузафа ас-Сахмий

«Хузафанын уулу Абдулланын башынан өбүү – ар бир мусулман үчүн милдет. Аны эң биринчи өзүм баштаймын»

(Аль-Хаттабдын уулу Умар.)

Бул окуянын каарманы пайгамбардын улуу сахабасы, эр жүрөк баатыры, Сахмийлик Хузафанын уулу Абдулла. Жашоосунда из калтырбай, тарых беттеринде белгисиз болуп кеткен миллион-миллиондогон арабдардын катарында биздин каарман да өтөөрү толук ыктымал эле. Бирок тарыхтын ага көңүл бурбай, андан жүзүн буруп коюусуна ислам дини жол бербеди. Башкача айтканда, Ислам дини Абдуллага чоң мүмкүнчүлүк берди. Ага жер бетине ээлик кылып, дүйнөнү дүңгүрөтүп бийлик жүргүзгөн парстардын падышасы Хосров менен жана Византиянын императору менен жолугуу милдетин жүктөдү. Бул кезигүүлөрдүн ар бири өзүнчө укмуш окуя, алар тарых баракчаларына алтын тамга менен басылган, алар түбөлүккө унутулбай сакталып кала берери шексиз.* * *

Парстардын падышасы Хосров менен жолугуусу хижранын[2] аттуу жердин тургунударынан араб жазуусун тааныган бирин алдырып катты окутту.

Кат мындай таризде жазылган: «Ырайымдуу жана Мээримдүү Алланын ысымы менен… Алланын элчиси Мухаммаддан парс падышасы Хосровго. Акыйкаттын жолуна түшкөндөргө тынчтык болсун…»

Каттын башында айтылган пайгамбардын сөздөрүн угаар замат Хосровдун заары бетине чыгып, күрөө тамыры көөп, жини кайнады. Пайгамбар катты эң алды өзүнөн баштаганы анын кыжырын келтирди. Кандай маани-маңызда жазылганын билгиси да келген жок. Аягына чейин окутпастан, катты тилмечтин колунан жулуп алып, тытып-тытып жиберди:

– Ал кантип мага ушундай кайрылуу жасады ыя?! Ал деген.., менин кулум да!.. – деп бакырды.

* * *

Андан соң Абдулланы кабылдамадан чыгарууга буйрук берди. Хан сарайдан чыгып бара жатып, ага, эми эмне болору кызык болду. Хосров өлтүрөр бекен, же коё берип жибереби деген ар кандай ойлор башына келди. «Мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Баарын пайгамбар айтканындай жасадым», – деп өз ичинен кобурайт да, шарт төөсүнө минип, Мединаны көздөй чуу коёт.

Жини кайтып, жаны жай алып калган кезде Хосров Абдулланы алдына алып келүүгө буюрду. Бирок аны эч жерден издеп таппай калышат. Араб жергесине кете турган жолдорду бүт тинтип чыгышса да жок. Анын мындай ылдамдыкта из суутуп кеткенине таң калышат.

Абдулла пайгамбардын алдына жетип келип, болгонун болгондой төкпөй-чачпай айтып берет. Хосровдун пайгамбардын катын тытып салганын укканда, Алланын элчиси: «Алла Таала анын бийлигин тытты», – деп эле коёт.

* * *

Ал эми Хосров болсо Йемендеги бийине төмөнкү мазмунда кат жазат: «Хижазда пайда болгон кишиге кол алдыңдагылардын күчтүү экөөсүн чаптыр, алар аны алдыма алып келишсин …» Базан бий мыкты делген эки кишисин пайгамбарга: «Йемендин бийи Базан сени Хосровдун алдына тез, эч кечикпестен барууга буйрук берет» деген таризде жазылган кат жиберет. Ошондой эле Базан бий чабармандарына пайгамбар жөнүндө, анын дини тууралуу болгон маалыматтары жыйнай келгиле деп буйрук берет.

* * *

Чабармандар бийдин буйругун алар замат, токтоосуз учуп жөнөшүп, ат-Тоиф аттуу жерге жетип келишет. Алар ал жерден курайш элинин соодагерлери менен кезигип, пайгамбардын дайынын сурамжылашат. Пайгамбардын Йасриб шаарында экенин билишет. Соодагерлер кубанычтары коюндарына батпай, Меккени көздөй аткан октой учуп жөнөшөт. Меккеге курайш элин куттуктап киришет:

– Сүйүнгүлө!…

– Сүйүнгүлө!

– Мухаммаддын иши чатак, ага Хосровдун өзү киришиптир. Эми анын зыяны силерге тийбейт…

Ал кезде Базан бийдин эки чабарманы Медина шаарын көздөй бет алып жүрүп олтурушту. Шаарга жеткен соң пайгамбарды тез эле табышып, Базандын катын узатып жатып:

– Падышалардын падышасы сени анын алдына алып келүүнү биздин бийибизге буйрук берди… Ошондуктан сени алып кетүүгө биз келдик. Эгер сен макулдугуңду берсең, биз сен тууралуу Хосровдун өзүнө жакшы пикир айтабыз. Ал сага жамандык кылбайт. Көнбөй турган болсоң, Хосровдун кудуретин, күчүн, сени жана сенин элиңдин тымтыракайын чыгарып жиберүү жөндөмдүлүгү тууралуу сага айтуунун кажети деле жоктур – дешет.

Алланын элчиси (САВ)жылмайынкы гана:

– Конгон жайыңарга барып, эс алгыла, жоопту эртең угасыңар, – дейт.

Чабармандар эртеси таңга жуук келишип: «Биз менен кетүүгө даярдык көрдүңбү? Кеттикпи?», – деп пайгамбардан сурашканда, Алланын элчиси Мухаммад (САВ):

– Силер эми Хосров менен такыр көрүшпөйсүңөр. Себеби бул айдын баланча күнүндө Алла Таала Хосровду баласы Ширавейханын колунан ажалын таптыртты, – дейт.

Уккан кулактарына ишенишпей, пайгамбарга тигиле карап, экөөнүн ооздору ачылып, аң-таң болуп, турган жерлеринде селейип калышат. Бир азга мостоюп туруп, анан бирөөсүнүн тили араңдан зорго күрмөөгө келип.

– …Се…н…н… эмне деп жатканыңды, билесиңби ыя? – деп акырая карап – Эмне Базанга ушинтип айтып баралыбы?..

«Ооба, – дейт пайгамбар. – Дагы Базанга бул сөзүмдү айта баргыла, менин диним Хосров ээлеген аймактардын баарына жетет. Эгерде ал менин динимди кабыл алса, өз бийлигин өзүнө толук калтырып, бүтүндөй парсы элине падыша кыламын».

* * *

Чабармандар пайгамбардан чыгып, түз эле Базанга чапкылап жөнөшөт, ага жетип уккандарынын баарын айтып беришет. Маалыматты толук алган Базан мындай дейт: «Эгер Мухаммаддын айткандары чын чыкса, ал анда – пайгамбар. Ал айткандай чыкпай кала турган болсо, анда аны менен эмне кылаарыбыз жөнүндө ошол кезде сүйлөшөрбүз…»

Андан көп узабай Базан Ширавейхадан кат алат. Кат төмөнкү мазмунда жазылган экен:

«Мына ошентип, мен Хосровду өлтүрдүм. Кан соргуч зулумга жем болуп, канча жылдан бери жабыр тартып келе жаткан элимдин абалын көрүп олтуруп, чыдамым кетти. Хосров өзү билип, өтүгүн төргө илип, канча деген көрүнүктүү эр азаматтарыбыздын башын жеди, канчалаган ай-жамалдуу сулуу-сулуу кыздарыбызды өзүнө күң кылды, элибиздин болгон байлыгын бүт менчиктештирди. Эми мунун баары артта калды. Бул катты аларың менен өзүң жана кол алдыңдагылардын баары мага баш ийүүгө ант бергиле».

Базан катты окуп бүтүп аны арт тарабына ыргытып ийди да, ислам динин кабыл алгандыгын жарыялайт. Йемендеги парстардын баары аны менен кошо ислам динине моюн сунушат.

* * *

Хузафа уулу Абдулланын парстардын падышасы Хосров менен жолугуу баяны ушундай.

Ал эми Византиянын императору менен кезигүүсү кандай болду экен?..

Бул кездешүү мусулмандардын экинчи өкүмдары Хаттабдын уулу Умардын (андан Алла ыраазы болгон болсун) бийлик тизгинин колуна алган мезгилде болгон. Бул жүздөшүү тарыхта эң эле кызыктуу, эң эле ажайыптуу окуялардын бири катары белгилүү…

Хижранын

[2] аль-Хира-Ирактын кичинекей району, ан-Нажар менен аль-Куфанын ортосунда жайгашкан.

[3] Мусулмандардын жыл санагы, пайгамбар Меккеден Мединага көчгөн жыл. Ошол себептен «хижра»-көчүү дегенди түшүндүрөт.