Умайр ибн Вахб

«Арийне, Умайрдын уулу Вахб өзүмдүн кээ бир балдарыма караганда жакыныраак болуп калды»        (аль-Хаттабдын уулу Умар)

Аль-Жумахийлик Умайрдын уулу Вахб мусулмандар менен курайш элинин ортосунда болгон «Бадр»[2] жанында олтурган Умайя уулу Сафванды алыстан эле байкайт. Ага жакын барып:

– Кутман таңыңыз менен! Курайш элинин жол башчысы!, – деди.

– Кутман таңың менен! Вахбдын атасы, – деп Сафван жооп берди да, сөзүн улады, – жай ал, эл-эркин, аз да болсо кобурашып убакытты өткөрөлү.

Умайр Сафвандын жанына отура кетти. Эки киши аркы-беркиден кеп салып олтуруп, «Бадр» согушун, анын аягы жаман аяктагандыгы жөнүндө сөз козгоп, кейип-кепчип киришти. Пайгамбар Мухаммаддын (САВ) жана анын сахабаларынын (алардан Алла ыраазы болгон болсун) колдоруна түшкөн туткундардын баарынын ысымдарын дагы бир ирет атап, эсептеп чыгышты.

Мусулмандардын кылычынын соккусунан ажал тапкан курайш элинин атактуу баатырларынын денелери суусу соолуган «Кулаиб» аттуу кудуктун түбүндө түбөлүк чирип, жок болоорун эстешип, курман болгондордун сөөктөрүн сыйлап, чала-була өкүрүп да алышты.

Терең күрсүнө Сафван:

– Аллага ант ичем! Алар эң эле мыкты инсандар болучу. Азыр, андай адамдар арабызда калбады, – деп сөз баштады.

– Аллага касам ичем! Акыйкат кеп айттың… – деп, Умайр анын сөзүн кубаттап, анан бир азга сөз катпай отуруп, кайра сөз кезегин алды: – Каабанын ээсинин ысымы менен ант берем! Аттигиң, арман! Эгерде ушул мойнумдагы карызым болбогондо… же аны кайтарар каражатым болгондочу… андан дагы балдарымдын жокчулуктун кесепетинен дүйнө кезип, тилемчи болуп кетээринен коркпогонумда. Мединага жетип Мухаммаддын жанын сууруп, жамандыктын түп тамырын биротоло кыркып келмекмин. Мына ошондо гана башыбызга түшкөн балээден түбөлүк кутулмакбыз, – деди үнүн бир аз басаңдатып. – Мен Йасриб шаарына барсам, мага алардын бири да шектенбейт, анткени аларда менин уулум бар.

– Уулуна келген тура, – деген божомолдо эле болушат, – деп кошумчалады.

* * *

Умайрдын сөздөрүн дыкаттык менен тыңшап отурган Сафвандын мээсине: Мындай учурду колдон чыгарбай, пайдаланып кал! – деген ой кылт этип келе калды, ал шарт Умайрга бурулуп карады да, абалдан чыгуунун жолун тапкан кишидей жойпулана:

– Эй, Умайр. Сенин кандай гана карызың болбосун, мына мен өзүм төлөйүн. А, балдарың жөнүндө такыр кыжалат болбой эле койсоң болот. Анын жарасы жеңил, алардын баарын үйүмө алып келебиз, менин балдарым менен чогуу чоңоё беришет. Өзүң билесиң байлыгым кудага шүгүр эле, эки үй-бүлөнү багууга кенен-чонон жетет. Аларды эч нерседен өксүк кылбайм, андан кам санаба – деп сунуш киргизет.

– Андай болсо, экөөбүздүн бул сөзүбүз ушул жерде көмүскөдө калсын. Эч бир жанга чыгара көрбө!, – деди Умайр.

– Сөз берем!, – деди Сафван.

* * *

Умайр акырын ордунан козголду, Мухаммад (САВ)га кастары тигилип, дили карайып, тулку боюн кек алуу кара ниеттин жалыны каптап, өзөгүн өрттөп чыкты. Буркан-шаркан түшүп катуу ачуулануу менен үйүнө карап жөнөдү. Ойлогон ишин мүдөөгө ашыруу үчүн катуу даярдык көрө баштады. Ошол кезде курайш элинин көпчүлүгү Йасриб шаарына барып, мусулмандардын кол алдында туткун болгон жакындарынын кунун төлөп, бошотуп келип жатканы ага дем берип жатты. Ошондуктан андай деле кабатырланбады, алардын бири катары барсам, эч бир жан күмөн санабайт – деген бекем ишенимде болду.

Умайр кылычын жалтылдатып курчуттуруп, аны уу менен шыбаттырды да, минген төөсүн жабдыктап, сапарга керек болгон бардык нерсени даярдоого буйрук берди. Айтканын-айткандай орундаткан кызматкерлери бир саамда төөсүн алдына жетелеп келип калышты. Ошентип, кабагы түнөрүп, ачуусу келген кусаматтуу Умайр Йасриб шаарын көздөй бет алат.

Йасриб шаарына жетери менен эки жакты кылчаң-кылчаң карап коюп, төөсүн түп-түз мечитти көздөй бастырды. Болду, болбоду Мухаммад (ага Алланын зор мактоолору жана тынчтыгы болсун) ошол жерде болот деген ойдо болду. Мечитке жакын калган кезде төөсүнөн секирип түштү да, аны бош коё берди.

* * *

Дал ошол мезгилде мечиттин алдында аль-Хаттабдын уулу Умар (андан Алла ыраазы болсун) бир нече сахабалар менен уй мүйүз тартып чогуу олтурган. Алар дагы Умайр менен Савфан сыяктуу «Бадр» согушунан кеп уруп, душмандарынын катыгын колдоруна бергендерин, бир топторун туткунга алгандарын, тайманбас эрдик көрсөткөн Мухажир[4] тууралуу да эскеришти. Ошондой эле душмандарды кыйроого дуушар кылып, аларга татыктуу жеңиш тартуулаган Алла Тааланы кызуу даңазалап жатышты.

Аңдоосуздан, Умайр тарапка бурулуп калган Умар аны төөсүнөн секирип түшүп, кылычын асынган бойдон мечитти көздөй басканын көрүп, ордунан ыргып турду:

– Бул ит – Умайр – бул Алланын душманы… Аллага ант берем! Бул ит бул жерге жакшы ой менен келген жок. Бул иттин котур ташы койнунда, ал арам ой менен гана келди. Бадр согушуна чейин бул ит чыккынчы болгон. Курайш элин бизге канча ирет тукуруп жүргөн, – деп бакырып жиберди.

Андан соң сахабаларга кайрылып:

– Тезинен, Алланын элчисине баргыла, анын жанынан жарым карыш чыкпагыла. Бул каргыш тийгир митаам пайгамбарга зыян тийгизбесин, – деп алып, өзү алар менен кошо чуркап жөнөдү. Пайгамбарга алардан биринчи жетип барды:

– Алланын элчиси! Белине кылыч асылган Алланын душманы – Умайр келди. Ал бул жерге жөн келген жок, бир жаман ой менен келгенин мен туюп турам, – деди Умар.

– Аны мага ээрчитип келгиле, – деди пайгамбар(САВ).

Умар Умайрдын жанына басып барып жакадан алды, кылычынын жибин анын мойнуна арта салып, пайгамбардын алдына жетелеп кирди. Андай абалда кирип келгендерин көргөн пайгамбар (САВ)Умарга Умайрды бошотуп, өзүң алысыраак тур деген буйрук берди. Умар Алланын элчисинин өкүмүнө баш ийди.

– Мага жакын кел, эй, Умайр, – деди пайгамбар.

Умайр пайгамбардын жанына барды да:

– Кутман таңың менен!, – деди.

Алланын элчиси ага карап:

– Алла Таала сенин амандашууңдан бизге артыгыраак амандашууну ыраа көрүп, бизди кадырлады, эй, Умайр. Бизди урматтап, саламдашуубузга «тынчтык» сөзүн кошуубузду каалады. Анткени, бейиш ээлери мына ушул (сага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун!) саламдашуу менен бири-биринен амандык, тынчтык сурашат, – деди.

Умайр болсо:

– Аллага ант берем! Сенин саламдашууң биздикинен өтө деле укмуш эмес экен, – деп, улутунуп койду.

– Сени бул жерге кандай максат жетелеп келди?, – деп сурады.

– Силердин кол алдыңарда туткун болуп жаткан жакын адамым үчүн келдим. Мага бир жакшылык кылып, ошону бошотуп берүүңөрдү суранам.

– Андай болсо, эмне үчүн мойнуңа кылыч асынып алгансың?, – деди пайгамбар.

– Алла ушул кылычтарды жок кылса экен!.. Булар «Бадр» согушунда бизге эч кандай пайда алып келишпеди го, – деди Умайр.

– Чыныңды айт, эй, Умайр! Сени эмне алып келди?, – деп кайра сурады пайгамбар.

– Жогоруда айткан максатта эле келдим, – деди.

Ошондо пайгамбар (САВ)ага карап:

– Жок, сен такыр башка ниетте келдиң… Баланча күнү сен Умайанын уулу Сафван менен Каабанын алдында отуруп, суусу какшып калган «Калийб» кудугунда сөөктөрү жаткан курайш элинин атактуулары жөнүндө кеп кылдыңар, андан соң сен: «Эгерде карызым жана жаш балдарым болбогондо, жолго аттанып Мухаммадга барып, аны өлтүрмөкмүн …» дедиң. Сафван болсо, сенин карызыңды, бала-чакаңды бүт өз мойнуна алып, сен мени өлтүрөт деген ишенимде калды… Ошондуктан Умайр сенин сөздөрүң такыр чындыкка жатпай жатат.

Бир көз ирмемге чейин Умайр нес болгон немедей делдейип, Алланы элчисине таңдана тиктеп туруп калды. Апкаарып, тили күрмөөгө келбей анан гана добушун бийик чыгарып:

– Күбө берем! Сен анык пайгамбар экенсиң!.. – деп бакырып жиберди.

Бир аздан соң:

– Эй, Алланын элчиси! Асмандан түшкөн ыйык кабарлар менен келгениңде, сени биз жалганчы деген элек. Сафван экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү, ал экөөбүздөн башка бир тирүү жан билген эмес. Ал жөнүндө сага Алладан башка эч ким билдирбегенине мен толук ынандым… Аллага мактоолор болсун! Ал мени сага мажбур, күч менен алып келип, мени туура жолго салганына, ал жол – ислам жолу. Кудуреттүү Аллага миң мертебе шүгүр айтам. Альхамдулилла! – деди сүйүнө.

Андан соң Умайр Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад – Алланын элчиси деп күбөлүк берип, ислам динин кабыл алды.

Алланын элчиси (САВ)сахабаларына кайрылып:

– Бул мусулман бир тууганыңарга өзүнүн динин үйрөткүлө, куран окуткула. Анын туткунуна азаттык бергиле, – деди.

* * *

Умайрдын ислам динин кабыл алганына күбө болуп турган сахабалардын арасы кубанычтуу күүлдөй түштү. Аль-Хаттабдын уулу Умар болсо, мындай деди:

«Чындыгында, Умайрдан, ал пайгамбардын алдына келээрден мурда мага чочко жакшыраак көрүнчү. Ал эми бүгүндөн баштап, ал кээ бир балдарыма караганда жакыныраак болуп калды».

* * *

Умайр ислам динин таанып, окуп, үйрөнүп жатып, өзүнүн дилин агартат. Жүрөгү Куран нуру менен нурданат. Өмүрүндөгү эң эле бактылуу, эң эле ажайыптуу керемет күндөрүн мына ошол мезгилде, ошол жерде өткөрүп жаткансыйт. Ааламда менчелик бактылуу адам болбос деп, өзүнчө кубанып да коёт. Ошентип Умайр баш-оту менен мусулманчылыкка моюн сунат. Ошончолук берилип кызыккандыгынан туулуп-өскөн Мекке шаарын, анын тургундарын, бала-бакырасын бүт баарын эсинен чыгарып койгонсуйт.

Ал жашоонун ырахатынын даамын татып, дүйнөнүн эң эле бактылуу инсаны болуп жүргөн кезде, убадалашкан досу Сафван чоң үмүттө, курайш эли топтолуп калган жерлерге басып барып, бир нерсе сезген, сезимтал киши сыңары чыга калып:

– Силерге алдын ала чоң кабар айтып коёюн. Ушул жакын арада жакшы жышаан болот го. Ал жышаан «Бадр» согушун да эсиңерден чыгарат! Ишенип койгула – деп жүрдү.

Бирок күтүү аябай узакка созулат. Сафвандын чыдамы кетип, кыжалат болуп, тынчы кете баштайт. Түндөсү уйкусу качып карбаластап, көз ирмебей күйпөлөктөп чыгат. Күндүзү колу күйгөн немедей жаны кашайып, бутунун астында кызарган чок жаткандай өзүн-өзү коёрго жай таппай теригет. Келген-кеткендерден Умайр жөнүндө улам-улам сурамжылай берип эбак түгүлгөн. Ал тууралуу эч кандай жаңылык жок. Ошондой күндөрдүн биринде: «Умайр исламды кабыл алыптыр» – деген кабар келди. Бул жаңылык Сафванга жарк-журк этип тийген чагылгандын соккусундай эле болду. Уккан кулагына ишенбей бир азге селдейе да түштү бейм, эс-учун жоготуп эле коё жаздады. Анткени, ал Умайрга ишеничи камил болчу, жада калса, ага өзүнөн да артыгыраак ишеним артчу. Ааламдын баары ислам динин кабыл алышса да, Умайр, жалгыз аны кабыл албайт деген толук ишенимде жүргөн.

* * *

Умайр болсо Медина шаарында ислам дининин негиздерин, жол-жобосун үйрөнүп, таалим-тарбия алып, Алланын Китебинен сүрөлөрдү жаттап жүрдү. Ошондой таалайлуу күндөрдүн биринде Умайр пайгамбардын алдына келип:

– Эй, Алланын элчиси! Алланын нурун өчүрөм деп канча убакыт өжөрлөнүп күрөшүп келдим. Исламды туу туткан мусулмандардын канчасына кордук көрсөтүп, зыян кылдым. Меккеге барып курайш элин Алланын ак жолуна үгүттөйүн. Мага уруксат бер! Эгерде айтканымды макул көрүшсө, анда өздөрүнө пайда алып келишет, а эгер кулак салбай турган болушса, мурун мусулмандарга канчалык зыян жеткирген болсом, аларга да ошончолук зыян жеткирем.

Алланын элчисинин уруксатын алып, Умайр Меккени карай сапар тартат. Шаарга жетээр замат алды менен досу Сафвандын үйүнө бет алат. Ошентип убадалашкан эки дос жолугушат. Умайр:

– Эй, Сафван! Чындыгында, сен курайш элинин башчыларынын ичинен аттын кашкасындай таанымал жана өзүңдүн акылдуулугуң менен башкалардан өзгөчөлөнүп турасың. Айтчы эми, ушул курмандык чалып, сыйынган бутсөлөкөт таштар кантип эле акыйкат дин болсун?! Сен өзүң ушул жансыз таштарга ишенесиңби? А, мен болсо, күбөлүк берем, Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад – Алланын элчиси, – дейт.

* * *

Ошентип, Умайр Мекке шаарында курайш элин ислам динине үгүттөп, анын натыйжасында көптөгөн адамдардын динге кирип, бактылуулуктун даамын татышына себепкер болот.

Алла Таала Умайрга көптөгөн сыйлыктарды тартуу кылган болсун! Анын жаткан жайын нурга бөлөсүн, ылайым!


[2] Мекке мечитинин Каабанын түндүктөн батышты карай тарабында атайын белгиленген жерде жайгашкан орунтук.

1Меккеден Мединага көчүп барган мусулмандар. Хажара – көчүү сөзүнөн, мухажир – көчмөндөр.

2Медина шаарынын мусулмандары. Насара – жардам берүү сөзүнөн, ансар –жардам берүүчүлөр.