Аль-Бара ибн Малик аль-Ансари

«Мусулмандардын аскеринин бирине да Аль-Бараны башчы кылып шайлабагыла. Анткени, ал өзүнүн эр жүрөк, тайманбастыгынан бүт кошуунду өлүмгө дуушар кылат деген коркунуч бар»

(Аль-Хаттабдын уулу Умар)

Бул чачы уйпаланган, аябай чаң баскан сыяктанган, а дене түзүлүшү болсо арык чырай келген, бүт тарамыш, чың, келбети өтө жагымсыз, башкача айтканда, ыраңы (түрү) суук адам болгон. Кыскасы, аңдоосуздан аны байкай калган киши дароо андан жүзүн бурмак, анан кайра кароого батынмак эмес.

Бирок арыктыгына карабастан Аль-Бара аябай жүрөктүү баатыр эле. Бутпарас-кудайчаларга табынуучулар менен болгон салгылашуулардын алдында, адатка айланган баатырлардын жекеме-жеке чыгып күч сынагында ал жүз адамдын өмүрүн кыйган. Ал эми кызыл кыргында канчаларынын башын кыя чапкандыгын айтуу кыйын…

Анын өлүмдү билбеген тайманбастыгын, эр жүрөк жолборстугун, ар кандай коркунучтардан кайра тартпастыгын жакшы билген Аль-Хатабдын уулу Умар (андан Алла ыраазы болсун) орун басарларына төмөндөгүдөй кат жазган: «Мусулмандардын аскеринин бирине да аль-Бараны башчы кылып шайлабагыла. Анткени ал өзүнүн эр жүрөк, тайманбастыгынан бүт кошуунду өлүмгө дуушар кылат деген коркунуч бар».

Мединалык Маликтин уулу Аль-Бара Алланын элчиси (САВ)дынкичинекей кызматкери Маликтин уулу Анастын бир тууган агасы болгон.

Эгерде Аль-Баранын көрсөткөн бардык эрдиги тууралуу жаза турган болсок, аңгемебиз аябай узакка созулуп, ары абдан көп убакытты талап кылат. Ошондуктан сиздерге анын бир эле эрдиги тууралуу кыскараак айтып берүүнү эп көрдүк. Аль-Баранын башка кылган эрдиктерин ошол аңгеме аркылуу элестетип аларсыздар деген ойдобуз.

* * *

Бул окуя пайгамбарыбыз көз жумгандан кийинки эле сааттарда башталган…

Пайгамбардын көзү тирүүсүндө арабдардын кээ бир уруулары топ-тобу менен, кээ бирлери бүтүндөй бойдон ислам динин кабыл алган сыяктуу. Ал көз жумгандан кийин алар топ-тобу менен, кээ бирлери толугу менен ислам дининен баш тартып, бир четинен чыга башташат. Ислам динин көкүрөктөрүнөн чыгарбаган, жүрөктөрүнө ыйман нуру бекем орнолгон Мекке, Медина, Тоиф тургундары менен, кээ бир чеке-белдеги жамааттар гана калат.

«Чынчыл» деп даңкы ааламга кеткен өкүмдар Абу Бакр (андан Алла ыраазы болсун) бул көр дүрбөлөңдүн жолуна кыйрагыс чеп болуп, тикесинен тик туруп, катуу туруштук берет. Мединада Мухажирлер менен Аль-Ансарлардан түзүлгөн он бир кошуун салгылашууга даяр болот. Ар бирине өкүмдар өз колу менен мусулмандардын желбиреген желектерин тапшырып, араб чөлкөмүнүн бардык тарабына динден баш тарткан элдерди кайра түз жолго салуу максатында жөнөтөт. Кежирленип моюн сунбагандарды кылычтын мизи аркылуу болсо да кайтарууга буйрук берет.

Эң эле катуу каршылык көрсөткөн Бану Ханифа уруусу, алардын ичинен өзүн-өзү пайгамбармын деп жарыялаган «Мусайлама жалганчы» деген чыккан.

Ал кырк миң кол жыйнайт. Аскери өзүнүн уруусунан жана башка уруулардан топтолгон салгылашууда тажрыйбасы көп эрендер эле. Алардын көпчүлүгү Мусайламанын артынан ага ишеним арттыргандыктан, же анын чыныгы пайгамбар экендигине колдоо көрсөтөлү деген ойдо аттанышкан жерлери жок, анын себеби бир эле нерсе – уруучулук…

«Күбөлүк беребиз, Мусайлама – жалганчы, а Мухаммад чынчыл… Бирок өзүбүздүн уруубуздан чыккан калпычы тууганыбыз, башка уруудан чыккан чынчыл пайгамбардан бизге артыгыраак жана жакыныраак», – деген ураан алардын арасында кеңири таралып кеткени жөн жерден эмес, мунун баары уруучулук илдетинен чыккан балээ эле…

* * *

Мусайламанын аскери биринчи беттешүүдө ийгиликке жетишет. Ага каршы Абу Жахлдын уулу Икрима жетектеген мусулмандардын аскери чыгып, артка чегинүүгө аргасыз болот.

Чынчыл өкүмдар (андан Алла ыраазы болсун) салгылашууга Аль-Валид уулу Халид жетектеген мухажирлер менен аль-ансарлардын тандалган алп-баатырларынын эң эле мыктылары жыйналган экинчи аскерин салат.

Жүрөгү курч, өлүмгө жалтанбастан тике караган эрендердин эң алдынкы катарында Мединалык Маликтин уулу Аль-Бара да бар болучу.

* * *

Эки аскердин беттешүүсү Нажданын Йамама деген жеринде болду. Кандуу кыргын башталганына бир аз убакыт өтүп-өтпөй салгылашуудагы тараза салмагы Мусайлама жана аны жактоочулары тарапка ооп, мусулмандардын таманынын алдынан жер жылып бараткансыды. Мындай кысымга туруштук бере албай бир маалда мусулмандар артка чегине башташты. Мусайламанын аскери болсо алдыга умтулуп, кол салуусун ого бетер күчөтүп, аль-Валид уулу Халид турган чатыр ордого чейин кууп кирип, ордонун тымтыракайын чыгарып, Халиддин аялын өлтүрө жаздашты. Эгерде мусулмандардын бирөө ал аялды сактап калбаганда кол башчы аялынан ажырап калмак.

Мусулмандар ошол көз ирмемде кандай гана олуттуу, кандай гана опурталдуу абалда тургандарын, сабынан мына-мына үзүлүп түшчүдөй илдиреген ислам дининин тагдыры кылдын учунда экенин ички туюмдары менен сезип, моюндарындагы өтө чоң жоопкерчиликти толук түшүнүп турушту. Эгерде бул беттешүүдө жеңилип кала турган болсо, анда ислам дини ошол күндөн тартып араб чөлкөмүндө өнүгүп-өсүшүн токтотуп, аргасыз, жоюлууга дуушар болору айдан ачык маалым болуп калган. Анда эле адамдардын баары шериги, теңдеши жок Алла Таалага сыйынууларын токтотмок…

Мындай кейиштүү, кысталыш абалда Валид уулу Халид аскерине ашыгып жетип, мухажирлерди өзүнчө, ансарларды өзүнчө, чөлдөн келген бедуин арабдарды өзүнчө бөлө баштайт.

Бир атадан тараган уулдар бир туунун астында чогуу тобу менен салгылашууга бой урдурат. Мындай түзүлүштө кайсы атанын уулдары кандай эрдик көрсөтүп жаткандыгын даана байкоого болот эле. Ошондой эле кайсы топ канчалык чыгаандык, өжөрдүк көрсөтөөрүнө да өбөлгө түзүлүп, душмандардын кай тараптан оңой-олтоң каптап кирип жаткандыгын ачык көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

* * *

Ошентип, салгылашып жаткан эки тараптын ортосунда болуп көрбөгөндөй, сөз менен айтып бере алгыс кандуу кыргындын кызыл тилдүү жалыны от алды. Мындай кызыл-кыргынды мусулмандар өз баштарынан өткөрө элек болучу. Мусайламанын жактоочулары салгылашууда көптөгөн жоготууларга дуушар болуп жатышса да, таң калаарлык эрдик көрсөтүп жатышты. Алар ордунан козголгус аска-зоо өңдүү термелишпейт, ажалды оозуна тиштеген немедей, жалтанбастан тикесинен тик туруп чабышты. А мусулмандар болсо, өз тарабынан бир катар укмуш эрдиктерди көрсөтүшүп, кашык канын аянбастан салгылашып жатышты, алардын баары тууралуу сөз кыла турган болсок, сөз бүтпөйт, жаза турган болсок, бир чоң адабий (эпопея) чыгарма болмок…

Медина мусулмандарынын желегин желбиреткен Кайс уулу Сабит өзүнө-өзү тизесинен өйдөрөөк жерин көмө турган ченемде чуңкур казат да, кепинди оронуп алып чуңкурга секирип түшөт, анан кагылган казык сыяктуу желекти бекем кармап шейит болгуча ордунан эч бир козголбоду.

Аль-Хаттабдын уулу Умардын бир тууган агасы Зайд мусулмандарга кайрылып:

– Мусулмандар, алга! Алдыга карай! Кайрат кылгыла! Душмандарды кыргыла!… Эй, элдер! Мусайлама кыйрагыча, же Аллага жолукмайынча, эгер жолуга турган болсом, өз далилдеримди айтам… Ошого чейин мындан бөлөк ооз ачпаймын деп, Аллага ант берем!, – деди да, аткан октой зымырап, кыргынга кирип, душмандын колунан ажалын тапкыча чабышты.

Меккелик мусулмандардын желегин желбиреткен Хузафанын атасы Салим Мауля эле, бирок аны алсыздык кылып коёр бекен деп чочулагандар да болгон. Алар ага мындай да дешкен: «Биз сенден озуп, алдыга чыгып, сен артыбызда калып калаар бекенсиң деп коркуп жатабыз». Ал аларга: «Эгер силер менден озуп кете турган болсоңор, анда мен эң начар Куран көтөрүүчүмүн» – жооп кайтарат да.

Душманга карай ачуулуу, каардуу чапкылап кирип барып, чабуулун токтотпой алга сүрө баштайт…

Бирок булардын баарынын тең эрдиги Маликтин уулу аль-Баранын көрсөткөн эрдигинин алдында эч нерсеге арзыбай калат.

Кызыл-кыргындын оту алоолоп күйүп, жетер чегине, жогорку баскычына жетип калганын сезип турган Халид ибн Валид Маликтин уулу Аль-Барага:

– Эй, Мединалыктардын үмүтү! Аларга жөнө, эми!…, – деп кыйкырат да, алар тарапка колун жаңсайт.

Өзүнүн элине аткан октой, учкан куштай зуулдап жетип барып, Аль-Бара аларга мындай кайрылуу жасады:

– Эй, мединалыктар! Мединага чегинебиз! – деген ой эч бириңердин башыңарга келбесин. Бүгүндөн баштап силер үчүн Медина шаары жокко эсе, бир гана Жалгыз Алла … жана бейиш бар …

Андан соң артынан мединалыктарды ээрчитип, динден кайткандарды карай чабуул койду. Алдынан чыккан душмандардын баштарын кылычы менен кыя чаап, алдыга сүрөй душмандардын катарын ачып, жол сала баштады. Мусайлама жана анын желдеттеринин буттарын калтырак басып, артка чегинип бак-дарактуу жерге жашынып калууга аргасыз болушат.

Ошол жерде ошол күнү кырылган адамдардын санынын көптүгүнөн улам ал жер «Өлүм багы» деген атка конуп тарыхта калат…

* * *

Ошол «Өлүм багы» аябай чоң чакырым жерди камтып, айланасы бак-даракка жыш толуп, тегереги бийик тосмо менен курчалган жер эле. Ал бак-шактуу жерге кире качкан душмандар тосмонун дарбазасын ичинен бекитип алып, бийик дубалдан мусулмандарга окторду жамгырдай жаадырып киришти.

Ошондой кыйын абалда мусулмандардын алдына алардын ишеничи, айкөл эрени Маликтин уулу Аль-Бара чыгып, мындай деди:

– Эй, элдер! Мен калканга отурайын, силер калканды найзалар менен көтөрүп дарбазадан ары ыргыткыла. Мен өлөм, же силерге дарбазаны ачам…

* * *

Көздү ачып-жумганча эле Аль-Бара калканга отура калды. Өзү ичке, арык киши болгондуктан калканда өзүн ыңгайсыз деле сезген жок. Ондогон найзалар аны шарт эле көтөрүп, душмандын уюгуна ыргытты. Жарк-журк этип тийген, жан алчу чагылгандын соккусу сымал аль-Бара душмандын ичин кылычы менен шылый баштады. Дарбазанын оозуна умтулуп, ондогон адамдын башын алып, сексенге жакын найза, кылычтан алган жарааты менен эшикти ачууга жетишти. Ушуну эле күтүп жаткан мусулмандар селдей каптап киришти. Бул кыргында динден кайткандардын жыйырма миңи барган жан кайра келгис «чын дүйнөгө» сапар тартышты, алардын ичинде «жалганчы Мусайлама» дагы бар эле.

* * *

Жарадар Маликтин уулу Аль-Бараны дарылай турган жайга алып барышат. Валид уулу Халид бир ай Аль-Бара сакайгыча ошол жерде аны менен бирге болот. Акыры, анын тайманбастыгынын себебинен мусулмандар ушул жеңишке ээ болгону үчүн Алла Таала ага шыпаа берет.

* * *

Мединалык Маликтин уулу Аль-Бара мурункусундай эле өз өмүрүн Алла жолуна кыюуга машуур болуп, шейит болууну көксөп, «өлүм багында» ага артын салып өткөн ажалдын изин кууп жүрдү.

Өзүнүн арзыган максатынын ишке ашуусуна далалат кылып, эртерээк сүйүктүү пайгамбарына жолугууну самап, «Тустар» үчүн парсы жергесинде болгон беттешүүчү күнгө чейин салгылашуулардын биринин артынан экинчисине бой уруп жатты. Ошондой салгылашуунун биринде кыйрагыс сепил орнотуп, катуу даярдык көрүп алган парстарды мусулмандар буктурмага курчап алышат. Буктурма мөөнөтү өткөн сайын парстардын акыбалы оорлошкону-оорлошкон. Алардын жоокерлери бийик дубалдан төмөн карай учунда илмеги бар темир чынжырларды ташташат. Илмектер аябай отко кызыгандыктан чоктой ысык, ага илинип калган адамдын шорунун катканы. Илмек мусулмандарды өлүк, же чала өлүк абалда абазга көтөрүп жатты.

Ошондой илмектердин бирине Маликтин уулу Аль-Баранын бир тууган иниси Маликтин уулу Анас илинип калат. Аль-Бара аны көрөр замат мышыктай так секирип, бир тууганы илинип турган чынжырга жабышат. Илмекти бир тууганынын денесинен сууруп чыгайын деп канча аракет жасайт, бирок болбойт. Акыры колдору күйө баштайт, бирок ага да карабай тырыша берип, бир тууганын өлүмдөн куткарып калат, экөө тең бирдей жерге сулк кулашат. Анын колдорунун сөөктөрү эле калган, а этинин баары шылынып түшкөн экен…

Бул салгылашууда Аль-Бара Алладан шейит болууну суранган. Жаратуучу эр жүрөк жолборсун жоопсуз калтырбай, тилегин орундатты – Алла Таала менен жолугууну самаган Аль-Бара, ошенти баатырларча курман болот.

* * *

Зылдай оор салмагы дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, Алланын сөзү дайыма бийикте! – деген ураан менен, Мухаммаддын (САВ)дини үчүн кашык канын аябаган, кажыбас баатыр аль-Бараны Кудуреттүү Алла Таала сүйүктүү пайгамбары менен бейиште бирге кылып, жүзүн нурдантсын. Омийин!