Абу Аюб аль-Ансари

Константинополь шаарын курчаган дубалдардын биринин астында сөөгү коюлган

Бул аттын кашкасындай таанымал сахабанын толук аты Кулайбдын уулу Зайддын уулу Халид. Өзү Бану ан-Нажар уруусунан Медина шаарынан болот. Аюбдун атасы (Абу Аюб) – анын лакабы.

Мединалык Абу Аюбду биз, мусулмандар, кимибиз гана тааныбайбыз…

Алла Таала анын элесин чыгыштан батышка дейре жеткирип, түбөлүк сактагандыгы, бешенесине жазылган бактылуулуктун туу чокусу – Медина шаарындагы мусулмандардын үйлөрүнөн так анын үйүнө пайгамбар (ага Алланын зор саламы жана тынчтыгы болсун) Меккеден көчүп барганда жайгашып калганы…

Бул окуя анын өмүрүнүн эң чоң кубанычы, айтып-бүткүс керемет сыймыгы болгон…

Алланын сүйүктүү элчиси (САВ)Абу Аюбдун үйүнөн жай алып калганы абдан кызыктуу окуя, аны кайра-кайра кайталап айтуудан тил чарчабайт, кайра-кайра кайталап угуудан кулак тажабайт…

Бул окуя жөнүндө сөз козгоонун өзү эле кандай гана ырахат, кандай гана кубаныч…

Пайгамбар (САВ)Медина шаарына көчүп келгенин, шаардын тургундарынын аны тосун алгандыгын, ага көрсөткөн урмат-сыйды сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес…

Сүйүгөн жар жан шеригин жалооруп, көзүнүн агы менен тең айланып карагандай, элдин баары пайгамбарды да ошондой көз караш менен көз ирмебей, моокумдары канганча суктана телмирип карап. Ар биринин кубанычы койнуна батбай, жүрөгрү кабыгынан чыгып кетчүдөй согуп, жан-дилин, бар дүйнөсүн бүт бойдон Алланын сүйкүмдүү элчисине тартуу кылууга белен… Жүрөгүнөн чыккан ысык салам, жагымдуу сезимдерди пайгамбарга арнап, узатып жатты…

Ошентип, мединалыктар мээримдүү пайгамбарга өздөрүнүн жүрөктөрүн жана шаардын эң барктуу, эң кооз үйлөрүнүн эшиктерин кенен-кесир ачышты.

Алланын элчиси (САВ)алгачкы төрт күнүн Мединага жакын жайгашкан Куба айылында өткөрдү, ал жерде такыбачылык ыроологон сезим менен эң биринчи мечит тургузду.

Төртүнчү күн дегенде гана ак төөсүнө минип, Медина шаарын көздөй бет алды. «Йасриб» шаарынын атактуулары жолун тосуп, өз үйлөрүнө кондурууну сыймык көрүшүп, алпурушту…

Биринен сала бири пайгамбардын төөсүнүн жолун тороп:

– Эй, Алланын элчиси! Канча деген кишиң болсун, канча деген курал жарагың болсун, биздикине кон. Биз сага кепилдик беребиз, биз сени коргойбуз, бизде сен толук коопсуз болосуң, – деп жатышты.

Пайгамбар (САВ)болсо акырын гана:

– Төөнүн жолун торобогула, ал өзүнүн милдетин орундатсын, – деп баратты.

Төө көздөгөн максатына карай шашылбай кадам шилтейт, адамдар көз ирмемчелик убакытка чейин да көздөрүн ирмебей, бүткөн бойлору дүрүлдөп, жүрөктөрү дүк-дүк согот…

Ак төө кимдир биринин короосунан өтүп кеткенде гана, үй-ээсинин жылдызы өчүп, сумсайып, томсоруп калат да, башка биринин жылдызы жанып жаркырап, маанайы ачылып, үмүттөнө баштайт.

Төө болсо басыгын бузбай жай, бир жакты карай багыт алып бара жатты, аны тегеректеген элдер ызы-чуу. Баарынын башында «Бакыт кушу конуп, улуу сыймыктын ээси ким болот экен?» деген ой сырдуу табышмак болду, баары уйгу-туйгу болуп жатышты. Акыры төө Абу Аюбдун короосунун алдындагы кичинекей аянтчага токтоду…

Бирок пайгамбар (САВ)төөсүнөн түшкөн жок, төөнүн басмайылын бош коюп, дагы бастыргандай болду эле. Төө кайра-кайра ошол аянтчага кайтып келе берди.

Мединалык Абу Аюбдун жүрөгү кубанычтан токтоп кала жаздады, сүйүнүчү терисине сыйбай, шашкалактап Алланын элчисинин (ага Алланын зор мактоосу жана тынчтыгы болсун) алдына элбиреп-желбиреп, жан дүйнөсү эзилип, апкаарып жетип барып, аны менен кучак жайып амандашканын сезбей да калды бейм… Пайгамбардын жүктөрүн колуна алган кезде жер бетиндеги кен-байлыктын бүт баарын көтөрүп алгансыды…

Ошентип таалайлуу Абу Аюб пайгамбарлардын төрөсүн үйүнө киргизди.

* * *

Абу Аюбдун үйү эки кабат там эле. Экинчи кабаттагы бөлмөгө адгар элчини жайгаштырам деген ойдо андагы буюм-теримдерин алып чыга баштайт. Бирок пайгамбар алдынкы кабатта калууну каалаганын айтканда Абу Аюб эч бир нерсе айта албай, көңүлүңүз сүйгөн кабатка жайгашыңыз дегендей, үнсүз макул болот.

Кеч кирип, элдин баары түнкү эс алууга кирээрде, Абу Аюб да аялы менен экинчи кабатка акырын көтөрүлөт. Эшикти этияттык менен бекитет да, аялына:

– Эй, сени десе, биз эмне кылдык? Алланын элчиси астында, а биз үстүндө?! Бул эмне деген жорук? Биз анын үстүнөн басып жүрөт экенбиз да?! Пайгамбар менен Алланын аяндарынын аралыгында калдык, окшойт ушу?! Андай болсо, өлгөнүбүз ошо… – дейт. Ошентип жубайларды өкүнүү сезими аралап, өздөрүн коёрго жер таппай, чый-пыйлары чыгат. Экөө пайгамбар жаткан туштан башка тарапка көчүүнү эп көрүшүп, акырын ошол бетке которулушат… Түнү бою кирпик какпай чыгышат…

Таңга маал Абу Аюб пайгамбарга:

– Аллага ант берем, биз, Аюбдун апасы (Умм Аюб) аялым экөөбүз таң атканча көз ирмебей чыктык, – деди.

– Эмне себептен?

– Сен төмөнкү, мен үстүнкү кабатка жайгашканыбыздан улам. Ары-бери бассак, сенин үстүңө чаң түшөт, анын үстүнө сени менен аяндын ортосунда калганыбыз бизди аябай ойлондурду.

– Муну орчундуу деп эсептебе! Бизге төмөнкү кабат ыңгайлуу, анткени бизге кишилер көп келет, аны жакшы билесиң го, – деди.

Абу Аюб сөзүн саймедире улантты:

«Пайгамбардын айтканына, эси-көөнүмөн кетпеген бир окуя болгонго чейин көнүп жүрдүм. Ошол окуядан кийин чыдамым кетти, болду дедим… Ал окуя мындайча болгон. Суук түндөрдүн биринде, капысынан, кумура кулап, сынып калса, андагы суу ылдый карай шылдырап ага баштады. Аялым экөөбүздүн эсибиз чыгып, алдастап, айлабыз куруп, жамынган төшөгүбүз менен жан алыбыз калбай сүртүп жатабыз, сүртүп жатабыз дейсиң. Пайгамбардын үстүнө суу түшпөсө экен дегенде, эки көзүм төрт… Эртең менен эрте пайгамбарга:

– Сен мага атам менен апамдайсың! – деп сөзүмдү баштадым. – Мен үстүңкү кабатта – сенин үстүңдө, сен болсо, төмөнкү кабатта – мени астымда болгонуң мени эч бир канаатандырбай жатат, – деп, жүрөгүмдү өйүгөн негизги оюмду айттым.

Андан соң кумура менен болгон окуяны бүт айтып бердим. Ошондо гана Алланын элчиси айтканыма ынап, үстүнкү кабатка көтөрүлдү. А биз аялым экөөбүз, сүйүнгөн бойдон ылдыйкы кабатка түштүк».

Андан соң пайгамбардын төөсү токтогон аянтчага мечит салына баштайт. Курулуш жети айга созулат. Ошол мезгил аралыгында Алланын элчиси (САВ)Абу Аюбдун үйүндө турат. Курулуш бүткөндөн кийин гана мечиттин ичине атайын ага салынган бөлмөгө үй-бүлөсү менен кирет…

Абу Аюб ааламга ырайым үчүн гана жиберилген пайгамбардын эң жакын кошунасы болуп калат. Экөөнүн кошуналык мамилеси кылымдарга үлгү болуп кала берет…

* * *

Абу Аюб жагымдуу пайгамбарга жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун берип, аны катуу сүйгөн жана чын ыкылас менен, ак дилден кызмат өтөгөн. Алланын элчиси (САВ)да, Абу Аюбду өзүнүн бир тууганындай көргөн. Экөөнүн ортосунда эч кандай шарттар болбогон, Абу Аюбдун үйүн пайгамбар (САВ)экинчи үйү катары санаган.

* * *

Ибн Аббас (Аббастын уулу) айтар эле:

«Аябай ысык күндөрдүн биринде Абу Бакр үйүнөн чыгып, мечит тарапка кадам коёт. Жолдо Умарга кезигип калат да, мындай собол узатат:

– Мындай аптапта сени эмне үйүңдөн чыгарды?

– Мени үйдөн чыгарган нерсе – чыдагыс ачкалык, – дейт Умар.

– Аллага ант берем, мен дагы ошол себептен үйдөн чыктым!

Ошентип экөө кобурашып жаткан кезде Алланын мартабалуу элчиси (САВ)да, келип калат:

– Мындай адам чыдагыс ысыкта силерди кандай нерсе үйдөн чыгарды?, – деп сурайт.

Алар бир ооздон:

– Аллага ант беребиз, ашказанды курулдаткан ачкачылык чыгарды, – дешет.

Ошондо пайгамбар да:

– Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам ичем, мен дагы ошол себептен үйүмдөн чыктым! – дейт.

Анан:

– Баскыла мени менен, – деп, жол баштайт.

Алар Абу Аюбдун үйүнө келишет. Абу Аюб дайыма пайгамбарга атап тамак калтырчу, сүйүктүү пайгамбары (САВ)келбей калган учурларда гана аталган тамакты үйдөгүлөрүнө бөлүп берчү. Ал күнү пайгамбар эмнегедир кечикти, өз убагында келбеди.

Эшиктин каккылаган дабышты угуп Абу Аюбдун аялы – Умм Аюб сыртка чыгат да, аларды көрө калып:

– Алланын элчисине жана аны менен бирге келгендерге менин саламым болсун! – деди.

Пайгамбар (САВ)салам кайтарган соң:

– Абу Аюб үйдөбү? – деп сурады.

Жакын жерде жумуш кылып жаткан Абу Аюб пайгамбардын үнүн угуп, шашкалактап чуркап келет:

– Алланын элчисине жана анын жолдошторуна Алланын саламы жана тынчтыгы болсун! – деди да, – эй, Алланын элчиси, сен дайыма башка маалда келет элең го?

Пайгамбар (САВ):

– Сен туура айтып жатасың – деди.

Андан кийин баары үйгө киришти. А-бу дегенче Абу Аюб курма багына барып, мөмөсү аябай бышкан шакты араалап алып келди.

Пайгамбар (САВ):

– Бул бутакты араалаганыңды мен каалаган эмесмин! Баса, сен бул курмадан бизге терип бербедиң беле? – деди.

Абу Аюб:

– Эй, Алланын ардактуу элчиси, мен алды менен сенин курма жешиңди кааладым, андан кийин союш союп берейин дедим, – деди ак ниеттен.

– Эгер союш сойсоң, сүт бербегенин сой, – деди пайгамбар.

Ал бир короо коюнун ичинен эң жакшы козуну тандап соёт, аялына тезирээк камыр жууруп, бизге нан жасай кал, ага сен уста эмессиңби демиш этет. Ошентип, ал козунун жарым бөлүгүн сорпо кылып бышырат да, жарымын чокко кактап бышырат. Баары белен болгондо Алланын акыркы пайгамбарына жана конокторго дасторконун кенен жаят, пайгамбар эттен кичине үзүп, аны нанга салып:

– Абу Аюб, муну тезирээк Фатимага жеткирип бересиңби, мындайды ал көптөн бери жей элек, – деди.

Абу Аюб ордунан тура калып сүйүктүү элчисинин сүйкүмдүү кызына этти жеткирип берип келе калат.

Тамактанып, ачкалыктарын баскан соң жүзүнөн нуру төгүлгөн пайгамбар:

– Нан.., эт.., түрдүү-түрдүү курмалар… – деп, бир аз тыным алып, көзүнө жаш алды, ысык жаштар ажардуу жүзүнөн мөлт-мөлт этип төмөн карай тамып жатты…

– Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант берем, мунун баары силерге берилген жакшылыктар (нематтар), кыямат күнүндө ар бириң ушулар үчүн сураласыңар. Кимиңер ушундай жакшылыктарга туш болсоңор, колуңарды сунар алдында: «Биссмиллахи сени эртең кел деп жатат, угуп жатасыңбы? – деп, эскертти.

– Уктум жана моюн сундум! – деди Абу Аюб.

Эртеси Абу Аюб пайгамбардын үйүнө келет. Алланын элчиси  ага жаш күң келинди берип жатып:

– Эй, Абу Аюб, буга жакшы мамиле жаса, канчадан бери үйүбүздө жашайт, эч бир жаман жагы байкалбады, – дейт.

Абу Аюб үйүнө бир келин менен келгенин көргөн аялы:

– О Абу Аюб, бул келин ким? – деп сурады.

– Бизге… Алланын элчиси тартуулады, – деп жооп кайтарды.

– Кандай гана улуу тартуу, кандай гана сулуу!

– Пайгамбар жакшы мамиле жаса деп буюрду, – деди Абу Аюб.

– Кандай мамиле жасасак буйругун аткарган болобуз?

– Аллага касам ичем, ага азаттык бергенде гана… андан абзел жолду көрбөй турам. Ошондой кылганда гана сүйүктүү пайгамбарыбыздын осуятын жакшы аткарган болоор элек, – деди.

– Туура айтасың, – деп аялы, кубаттап – Алла сага жардам берсин, – деди.

Ошентип, аялы менен күйөөсү акылдашып, күң келинге эркиндик беришет.

* * *

Бейпилдик тынч күндөрдө өткөргөн турмуш-таржымалынын кээ бир сүртүмдөрү мына ушундай, ал эми салгылашуу мезгилиндеги өткөргөн өмүрүнө көз чаптыра турган болсок, көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болобуз.

Абу Аюб Алла жолундагы согуштарды калтырбаган, ал чыныгы жоокер болгон. Ал тууралуу мындай дешээр эле: «Абу Аюб пайгамбардын мезгилинен тартып Муавий бийликке келген кезге чейин мусулмандардын башынан өткөн кандуу согуштардын бирин дагы калтырбаган киши. Болгону бир-эки согушка жүйөлүү себептер менен катышпай калат, анткени ошол учурда башка жакта ал көбүрөөк керек болгон болот».

Анын акыркы согушу Константинополь шаарында болгон. Согушка мусулмандардын өкүмдары Муавия катуу даярдык көрөт, анын уулу, Йазид ошол мезгилде аскердин кол башчысы болчу. Абу Аюб карылыгы жетип, сексен жашка ооп калса да, карылыкка моюн сунбай, дагы да болсо кайратында. Йазид башкарган аскердин катарында ачык деңизге чыгып, салгылашууга аттанат. Согуштун катаал күндөрүнүн биринде Абу Аюб ооруга чалдыгып, салгылашууну уланта албай калат. Аны көргөнү Йазид келет да:

– Сенде кандай өтүнүч бар, эй, Абу Аюб? – дейт.

Абу Аюб:

– Биринчиден, менин атымдан бардык мусулман-эрендерине жалындуу салам айт. Экинчиден, Абу Аюбдун силерге айткан керээзин уккула, – де, – Күчүңөр жетишинче, тайманбастан душмандын төрүнө чечкиндүү чабуул жасап киргиле, мени, Абу Аюбду өзүңөр менен кошо ала барып, сөөгүмдү силер баскан таманыңардын астына, Константинопольдун дубалдарынын бирине көмүп койгула – дейт.

Бул жүрөк титиреткен сөздөр улуу сахабанын акыркы сөздөрү эле, айтып бүтөөрү менен нурдуу көздөрүн тубөлүк жумат…

* * *

Адгар пайгамбардын сүйүктүү сахабасынын акыркы өтүнүчүн мусулмандар орундатат, үзгүлтүксүз чабуул коюп жатып, акыры Константинополь дубалдарына жетишет. Ошол күнгө дейре Абу Аюбдун сөөгүн өздөрү менен кошо көтөрүп жүрүшөт.

Шейиттин сөөгүн жерге коюу мөөнөтү да келип жетет, жерди казып болуп, а дүйнөдө жолугушаар күнгө чейин кош бол! Кайран баатыр! – дешип, кош айтышат.

Мединалык Абу Аюбга Алла Таала ырайым кылсын! Омийин! Алланын гана ыраазычылыгын издеп, аттан түшпөгөн жоокер, ошентип, салгылашууда курман болот…

Ошол кезде болжолу сексен жашта эле…