Мухаммед пайгамбарыбыздын (сав) кыскача өмүр баяны

Сүйүктүү пайгамбарыбыз 571-жылы 20-апрелде дүйшөмбү күнү эртең менен Мекке шаарында туулган. Атасы Абдуллах, апасы Амина, чоң атасы Абдулмутталиб, чоң энеси Фатима, таятасы Вахб, таенеси болсо Барра.

Төрөт учурунда энеси Аминага Шифа жана Фатима аттуу аялдар кызмат кылышкан, кызматчысы Умму Айман да аларга жардам берген. Бул аялдардын айтуусу боюнча, ошол убакта үйдүн ичи нурга бөлөнгөн.

Пайгамбарыбыз (САВ) дүйнөгө келе электе эле атасы Шам тарапка соода кербени менен кеткен сапардан кайтып келатып каза болуп, денеси Мадинага коюлат. Андыктан ал атасын көргөн эмес. Туулгандан кийин 4 жашына чейин сүт энеси Халиманын жанында, андан кийин 2 жыл бою апасы Аминанын жанында калган. Алты жашында апасы Амина аны туугандары менен тааныштырыш үчүн жана атасы Абдуллахтын мүрзөсүн зыярат кылыш үчүн Мадинага алып барат. Атасынын мүрзөсү таякелеринен болгон Набиганын үйүнүн бакчасында эле. Амина Мадинадан кайтып келатып, Авба деген жерде оорудан улам дүйнөдөн кайтып, ошол жерде жерге коюлат. Сапарда бирге болгон кызматчысы Умму Айман пайгамбарыбызды (САВ) Меккеге жеткирип, чоң атасына тапшырган.

Пайгамбарыбыз (САВ) 6 жашынан 8 жашына чейин чоң атасы Абдулмутталибдин жанында калат. Ал өлгөндө, осуятты мойнуна алган абасы Абу Талибдин үйүнө көчүп барат. Абу Талиб пайгамбарыбыздын (САВ) атасынын бир тууганы. Меккенин этек жактарында абасынын койлорун кайтарды. Үйүндө колунан келген ар бир ишти берилип жасап, үй-бүлө кирешесине салымын кошуп турган.

13 жашынан баштап абалары менен соодага кошулат. Көп жылдар бою соода менен алектенип, бул жолдо тууралык, дурустук менен таанылат. Жыйырма жашында уурулук, карачылык, тоноо жана зулумга каршы меккеликтер тарабынан курулган уюмга кошулуп, кызмат кылган.

25 жашка чыкканда Хадича энебиз менен үйлөнөт. Хадича энебиз ал кезде 40 жашта болгон. Аны менен үйлөнүүсүндө пайгамбарыбыздын (САВ) “ал-Амин” (ишенимдүү, дурус) катары таанылуусу негизги ролду ойногон.

35 жашка чыкканда Каабада калыстык кылат. Каабанын кайрадан курулушунда Хажарул-Асваддын (кара таш) ордуна коюлуусунда чыр чыга баштаганда, ташты бир кездемеге коюп бардык уруу башчыларына көтөртүп, ортодогу проблеманы чечкен. Ушинтип, уруулар арасындагы чыр-чатактын алдын алган.

Пайгамбарыбыз (САВ) 40 жашка жакындаганда адамдардан алыстап, өз алдынча жаратылыш жөнүндө ой жүгүртүү арзусу ойгонот. Ошондуктан кээде Хира-Нур тоосунда жашай баштайт. Акыры 40 жашында 610-жылы Рамазан айында Жабраил алейхис-салам келип, вахий убагы башталган болот. Эң алгач вахий кылынган аяттар, “Жараткан Эгеңдин аты менен оку!…” деп башталган эле. Ушинтип, Улуу Аллах тарабынан пайгамбарлык менен милдеттендирилет.

Пайгамбарыбыздын (САВ) Исламга чакыруусуна “ооба” деп, эң алгач ишенгендер жубайы Хадича энебиз, Али, Зайд бин Хариса жана эң жакын досу Абу Бакрлар эле. Аларды Усман, Абдуррахман бин Ауф, Саьд бин Аби Ваккас, Талха жана Зубайрлар ээрчишти. Башында сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) баш болуп алгачкы мусулмандар, бутпарастардан көп азап чегишет. Жада калса азирети Йасир менен аялы Сумаййа сыяктуу алгачкы мусулмандар Аллах жолунда шейит болуп, өз жандарын Ислам үчүн курман кылышты.

Пайгамбарлыктын биринчи алты жылы толгондо Хамза жана Умар сыяктуу эр жүрөктүүлүгү менен таанылган адамдар мусулман болушат.

Пайгамбарлыктын 5-6-жылдарында мусулмандардын айрымдары Хабашистанга (Эфиопияга) көчүүгө мажбур болушат.

Бутпарастар пайгамбарлыктын 7-жылынан тартып Хашим уулдарына каршы бойкот кылышат. Ал бойкотто алар менен соода кылууга, саякатка чыгууга жана инсандар менен мамиле кылууга тыюу салышат. Бул бойкот үч жыл уланат.

Пайгамбарлыгынын 10-жылында сүйүктүү жубайы Хадича энебиз менен абасы Абу Талиб катары менен дүйнөдөн кайтканда, душмандардын азабы жана кордугу көбөйөт. Анткени булар пайгамбарыбызга (САВ) аябай чоң колдоо көрсөтүп турушкан. Акыры пайгамбарыбыз (САВ) сырттан колдоо алуу максаты менен Таифке барат. Алар Пайгамбарыбызга (САВ) колдоо көрсөтүшпөй, кайра тескерисинче, аны ташбараңга алышып, башы-көзү кан ичинде калды. Акыры Таифтин сыртында бир бакчага кире качып кутулат.

Бул кыйынчылыктар уланып атканда сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) миражда Аллахтын сый-урматына жетти. Пайгамбарыбызга (САВ) бул түндө нечендеген өкүмдөр түшүрүлгөн. Мисалы, намазды 5 убак окуу парз болгон.

Пайгамбарыбыз (САВ) бардык кыйынчылыктарга карабастан, Исламды жаюу аракетин кыла берди. Ажылык мезгилинде Меккеде биринчи жана экинчи Акаба антташууларын өткөрүп, мадиналык алгачкы мусулмандар пайда болду.

Андан кийин, Алла Тааланын уруксаты менен мусулмандар Меккеден Мадинага көчүшкөн. Ислам тарыхында муну “хижрат” дейбиз. Эң акырында сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) да досу Абу Бакр менен бирге Мадинага көчүшөт. Бул көчүү меккелик бутпарастардын Савр үңкүрүнөн баштап Мадинага чейин катуу куугунтугу менен коштолуп, өтө кыйын болгон.

Пайгамбарыбыз (САВ) мадиналык мусулмандар менен меккелик мусулмандарды бири-бирилерине бир тууган кылып жарыялады.

Бутпарастар менен мусулмандар арасында Бадр, Ухуд, Хандак, Мурайси сыяктуу согуштар болгон. Мадинанын тегерегинде мурдатан бери отурукташкан жөөттөр бар эле. Кайнука уулдары, Надыр уулдары жана Курайза уулдары аттуу жөөт уруулары мусулмандарга каршы чыгышып, антташууларга баш ийишпегендиктен, кылган күнөөлөрүнө жана шарттардын талабына ылайык жазаландырылып, сүргүнгө айдалышкан. Араб жарым аралындагы Исламга каршы күчтөрдү финансылык жактан каржылаган жана материалдык көмөк көрсөткөн Хайбар жөөттөрү да алсыздандырылган.

630-жылы Мекке кайра алынды. Пайгамбарыбыз (САВ) чыгып кетүүгө мажбур болгон мекенине үстөмдүк кылып, жалпы кечирим жарыя кылган.

Пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага кайткандан кийин бир жыл ичинде араб жарым аралында жүздөгөн уруу башчыларын кабыл кылган. Алардын көпчүлүгү Ислам динин кабыл алып кайтышкан.

Пайгамбарыбыз 632-жылы ажылык убагында Меккеде, Арафатта жүз миңден ашык мусулманга кайрылып, сүйлөгөн. Ислам түшүнүгүнүн бир мазмуну болгон жана адам укугунун толук принциптери болгон бул кайрылуусу ислам тарыхында “Коштошуу хутбасы” деп аталат.

Исламды сабырдуулук, кайраттулук жана эр жүрөктүүлүк менен инсандарга жеткирген сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ), 632-жылы, 8-июнда, дүйшөмбү күнү Аллахтын ырайымына жетти. Жаназа намазын эркектер, аялдар жана жаш балдар болуп кезек менен пайгамбарыбыздын (САВ) үйүндө окушуп, ошол жерге коюлду.