Баласын сагынган ата

Абу Килааб Умая бин Аскар деген сахаба Азирети Умардын замандашы эле. Азирети Умар өлкөсүн душмандардан коргоо үчүн аскерин Багдад тарапка казатка аттантат. Аскердин арасында Умаянын баласы Килаб да кетет. Арадан үч-төрт ай өтүп-өтпөй, Умаянын көзү көрбөй калат да, ыйлап Азирети Умарга келет. Азирети Умар анын эмне үчүн ыйлап жатканын сурайт. Ал казатка кеткен баласы Килабды сагынганын айтат. Азирети Умар биз карыган аталардын көз жашын көргүбуз келбейт деп, Мухаммад бин Аслам деген жигитке кат жазып карматат да, тез арада Багдадга барып Килабды алып келгин деп жөнөтөт. Буйрукту алган Килаб Мадинага келип, алгач Азирети Умарга кирет. Азирети Умар, башкалардын да атасы бар, бирок алар арызданбай бир гана сенин атаң арызданып келди, ал сени катуу сагыныптыр, сен ага кандай мамиле жасайт элең деп сурайт. Килаб, төөсүн саап сүтүн ата-энесине бермейинче, балдарына да башкага да бербестигин айтат. Азирети Умар анда атаңды ушул жерге алып келип ошондой сыйыңды көрсөт, башкалар да сенден муну үлгү алсын дейт. Умаяны алып келишет. Баласы төөнү саап сүтүн чөйчөккө куюп Азирети Умарга сунат, ал сүттү Умаяга карматат. Умая сүттөн ууртамакчы болуп оозуна жакындатат да, бирок иче албай бышактап ыйлай баштайт. Азирети Умар анын эмнеге ыйлаганын сураса: “Аллага ант ичем, бул сүттөн балам Килабдын жыты келип жатат, муну менин балам сааган го, – дейт. Баласы чуркап келип атасын кучактайт. Бул окуяга күбө болгондордун баары ыйлайт. Азирети Умар да көз жашын тыя албай: “Кимде-ким ата-энесин ыраазы кылбаса, Алланын ырайымынан үмүтүн үзсүн” деген белгилүү сөзүн айтат.


Ушул темага байланыштуу