Мусулмандардын саны күн санап өсүүдө

PEW изилдөө уюму жакында дүйнөдөгү эң үлкөн диндер тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча учурда эң ылдам таралып жаткан дин Ислам дини деп табылган.

Изилдөөгө ылайык 2010-жылкы санак боюнча ааламдагы мусулмандардын саны 1 млрд 599 млн 700 миң адам болуп, ааламдагы дин өкүлдөрүнүн 23 пайызын түзгөн. А бул көрсөткүч азырга чейин 1,2 пайызга жогорулаган. Ушуга караганда 2050 жылдары аалам мусулмандарынын саны 2 млрд 761 млн 480 миңге жетип, жер шарынын жашоочуларынын 29 пайызын түзүп калуусу мүмкүн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 23 жылдан кийин мусулмандар менен христиандардын саны бирдей болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле изилдөөнүн жыйынтыгында 2050 жылдары Ислам дини АКШдагы экинчи чоң динге айланышы мүмкүн.


Ушул темага байланыштуу