Пайгамбарлардын баарынын кесиби болгон

Мээримдүү жана Ырйымдуу Алланын аты менен баштаймын.

Ааламдын жаратуучусу Алла Таалага чексиз мактоо, пайгамбарыбыз  Мухаммадга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-салават жолдойм.

Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракатуху.

Сухайб бин Синаан (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты: “Ыймандуу адамдын жашоосуна таң калам, анын жашоосунун баары жакшылык, мындай артыкчылык ыймандуудан башкаларда болбойт. Эгер ыймандуу адам балээге кабылса, ага сабыр кылат, бул үчүн ага сооп-сыйлык берилет. А эгер башына бакыт консо, ага сабыр кылат, бул үчүн дагы сооп-сыйлыкка ээ болот”. Алла Таала Касиеттүү Куранда минтип айтат: “Алла Таала бул дүйнөдө силерге берген нерселерди пайдаланып, акыретке азык топтогула, ошону менен бирге бул дүйнөдөгү насибиңди да унутуп койбо. Бузукулуктун артынан жүрбө. Алла бузукуларды жакшы көрбөйт”.

Урматтуу мусулман бир тууганым, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай, ыймандуу адамдын жашоосунун баары жакшылык. Эгер башыңа балээ түшүп, же кырсыкка кабылып, же башка бир көйгөй пайда болсо, ага сабыр кылып, чыдап Алладан сооп үмүт кылсаң, ал үчүн Алла Таала сооп берет. Эгер башыңа дөөлөт конуп, кубанычка бөлөнүп, жыргалга батсаң, ага шүгүр кылып, Алладан сооп үмүт кылсаң, Алла Таала ал үчүн да сооп берет. Мына мындай артыкчылык бир гана ыймандууларга берилген.

Урматтуу мусулман бир тууганым, бүгүнкү биздин сөз кылчу темабыз, эмгек жана кесип жөнүндө болмокчу. Жогорудагы аятта Алла Таала айтып жатат, бул дүйнөдө Алла силерге берген ден-соолук, күч-кубат, мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, акыретке азык топто б.а. ибадат кыл, кедей-кембагалга садага бер, жетим-жесирге жардам кыл да акыретке сооп топто. Ошону менен чектелип калбай, бул дүйнөдөгү жашооңду да унутпа б.а. жашооңо кам көр, ата-энеңди, бала-бакыраңды бак деген сөз.

Каьб бин Ужра деген сахаба (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Бир жолу пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен чогуу отурса, алардын жанынан бир адам өтүп калды. Анын сергектиги, чыйрак кыймылы жана келишкен келбети сахабаларды таңдандырып, суктандырды. Анан алардын бири: Мына ушул адам күч-кубатын Алланын дини үчүн жумшаса, кандай сонун болмок ээ? – деп, пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылды. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эгер бул жигит үйүндөгү жаш балдарын багам деп жүргөн болсо, анда ал Кулайдын жолунда, же карыган ата-энесин багуу үчүн жүргөн болсо, анда да Кудайдын жолунда, же өзүнүн ар-намысын коргоп жүргөн болсо, анда да Кудайдын жолунда, же болбосо үйүндөгү аялын багайын деп жүрсө, анда да Кудайдын жолунда. А эгер текеберленип же эл көзүнө көрүнүү үчүн жүргөн болсо, анда ал шайтандын жолунда” деп жооп берди. Демек, урматтуу мусулман бир тууганым, ата-энени, үй-бүлөнү, бала-чаканы багуу үчүн чыгуу, бул Алланын жолунда жүргөндөй эле сооптуу иш экен. Мына бүгүн Аллага ибадат кылып, дуба кылып, жакшылык тилеп кетүү үчүн жума намазына келдик. Намаз окуп, дуба тилек кылып коюп ушул жерде отура берсек, Алла Таала ырыскыны алып келип береби? Жок, андай эмес, Алла Таала Касиеттүү Куранда жума намазы тууралуу мындай дейт: “Намаз окулуп бүткөндөн кийин жер бетине тарагыла да, Алла Тааланын ырыскысын талап кылгыла” (Жума, 10-аят).

Алла Таала Тоорот китебинде минтип айтат экен: “Оо, пендем, колуңду кыймылдат, ошондо мен сага ырыскыңды түшүрөм”. Бул элибиздеги “Аракет кылсаң – берекет”, же “Иштесең- тиштейсиң” деген эле сөз. Алма быш, оозума түш деп отура берүү жок. Жалкоолук болбойт. Кээ бир туугандарыбыз, динге кирип, намаз окуп калгандан кийин эле болду:  “Аллага тапшырдым, ырыскыны Алла берет” деп жумушун таштап, эртели кеч мечитте…

Бир адам төөсүн мечиттин алдына бош таштап коюп мечитке кирди эле, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Төөңдү байлап койбойсуңбу?” – деди. Тиги: “Аны Аллага тапшырдым”, — деди. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Оболу байлагын, анан Аллага тапшыр”, — деди. Машинаңды жолдон чыгарып, эшигин жаап, бекитип анан Аллага тапшыр. Эшигин ачып таштап коюп тапшырба деген сөз.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун): “Ырыскыңарды жердин астынан издегиле”, — дейт. Бул дегени, дыйканчылык кыл, кен каз, көчөт отургуз, арык чап деген сөз.

Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) айтат: “Ордуңарда отуруп алып, Кудай ырыскы бер деп тилей бербегиле, билесиңер, асмандан алтын менен күмүш жаабайт”. Бул, Кудай берет деп, дуба кылып коюп отура бербе, эшикке чык, аракет кыл, иште, жалкоолуктан сактан дегенди билдирет. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылганда: “Аллахым, мени жалкоолуктан сакта, байкуштуктан сакта, коркоктуктан сакта, сараңдыктан сакта, карызга батуудан сакта жана адамдардын каарынан сакта” деп дуба кылчу. Бул дубага көңүл бурсак, биринчи кезекте жалкоолуктан сактоону сурады. Анткени, адам жалкоолукка көнгөндөн кийин, жашоосу начарлайт, колу жукарат, башканын жардамына муктаж болот. Ошентип башкаларга көз каранды болуп, башы төмөн, байкуш болот. Байкуш, сурамчы, тилемчи, ар кимдин көзүн карайт, мунун акыры кордукка алып келет. Адамдын кор болуусу анын жалкоолугунан. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун) дубанын башында жалкоолуктан сакта деп баштаган. Дагы бир хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Пайдалуу ишке аракет кыл, Алладан жардам сура, жалкоолук кылба” деп айтат. Демек, биринчи иште, анан ошол ишиңе береке тилеп Аллага дуба кыл. Иштебей отуруп алып эле дуба кыла берсең Алла асмандан акча жаадырып бербейт. Иштин кадырын бил, өзүң иште, бирөөнү иштетсең, анын акысын убагында бер. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Бирөөнү кызмат кылдырсаңар, тери кургай элек акысын бергиле” деген.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Иштегениң биринчиден жашоо тирилигиңе пайда, экинчиден акыретиңе да сооп болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун) айткан: “Эгер инсан эгин эксе же көчөт тиксе, кийин андан адам жейби, мал жейби, канаттуулар жейби, айтор эмне жесе да анын жегени тиги кишиге садага бергендей сооп болот”. Биздин жерибиз Кудайга шүгүр, Чубак ажы айткандай, семичке чакканда түшүп кетсе, ошол жерден өнүп, өсүп чыгат. Болгону биз аракет кылышыбыз керек, эгин эгели, көчөт отургузалы, дыйканчылыкта береке болот. Бизге кытайдын жалаң даары-дармек менен өстүрүлгөн жер-жемиштерин ташып келип жеген уят иш.

Урматтуу мусулман бир тууганым. Жумуштун кайсы түрү болбосун анын төмөнү да, уяты да болбойт. Эртең менен багымдатка келсең, көчө шыпырып жүргөн адамдарды көрөсүң. Булардын ишине Алла береке берсин. Бул иш намыс кыла турган иш эмес, ошону менен нанын таап жеп жатат, шаарыбызды тазалап жатат, эки күн тазалабай койсунчу, бут коёрго жер таппай, аба сасып, абалыбыз кандай болор экен. Мээнеттин, кесиптин төмөнү болбойт. Атабыз Адам дыйкан болгон, Обо энебиз ага жардам берген. Баарыбыз дыйкандын балдарыбыз, буга эми намыс кылышыбыз керекпи?  Идирис пайгамбар тигүүчү болгон, кийим тиккен. Азыр мен эркекмин деп кийим тиккенден намыс кылабыз. Нух пайгамбардын жасаган кемеси адамдарды жан-жаныбарлар менен кошо топон суудан сактаган. Ибрахим пайгамбар куруучу болгон. Баласы Исмайил менен Ибрахим пайгамбар курган Кааба кыяматка чейин ыйык боюнча сакталат. Иляс пайгамбар токуучу болгон. Дауд пайгамбар темирди камырдай жуурган уста болгон. Дауд пайгамбардын темир уста болуп калуусуна мындай окуя себеп болгон. Ал өтө келишкен, үнү кооз, адеп-ахлагы да жакшы адам болгон. Өзүнө-өзү жакшы баа бергендиктен, кээде көчөдө көрүнгөн адамдардан: “Дауд кандай адам?” деп сурап калчу. Алардын баары аны жакшы деп мактайт эле. Ошондо Алла Таала ага адам кейпинде бир периштени жиберет. Дауд пайгамбар көчөдө аны көрүп, ушул жат адам экен, ушундан да бир сурап көрөйүнчү дейт да: “Даудду билесиңби, ал кандай адам?” деп сурайт. Периште: “Дауд өтө жакшы адам, бардык жагынан жетиштүү, бирок бир кемчилиги бар, эгер мээнет кылып өз колу менен ырыскысын талап кылса, андан да жакшы болмок” дейт. Ошондон кийин кемчилигин түшүнгөн Дауд пайгамбар Аллага дуба кылат да, Алла Таала ага темир иштеткенди үйрөтөт.

Муса пайгамбар мал багып тиричилик кылган. Алла Таала андан: “Эй, Муса, оң жагыңдагы эмне?” деп сураса, ал: “Бул таягым, ага таянып басам, малдарыма дарактын жалбырактарын күүп берем жана башка көп иштерди кылам” деп жооп берген. Куран аятын чечмелеген аалымдар айтышат, Муса пайгамбар суроого бир ооз эле “бул таягым” деп койсо болот эле, бирок ал Алла менен көпкө сүйлөшкүсү келгендиктен, ушинтип жооп берди. Иса пайгамбар табып, дарыгер болгон. Алланын каалоосу, уруксаты менен айыкпас ооруларды айыктырып, өлүктү да тирилткен. Юсуф пайгамбар казына башчысы, азыркы тил менен айтканда, экономика министри болгон. Анын көрөгөч, иш билгилигинен Мисир эли жети жылдык ачарчылыктан аман чыккан.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун) кой кайтарган, 9 жашында соода кылган. Бирде пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Пайгамбарлардын баары кой кайтарган” деп айткан. Сахабалардын бири: сиз да кой кайтаргансызбы? деп сураганда: “Ооба, болор-болбос быштак үчүн Меккеликтерди коюн кайтарчубуз” дейт пайгамбарыбыз.

Сахабаларды карасак, Азирети Абу Бакр Сыддык соода кылган. Белгилүү болгондой, ал үч жолу бардык байлыгын Алла жолунда алып келип берген. Байлык болгону үчүн берген, жок болсо эмнени бермек эле. Пайгамбардын эң жакын адамы, мусулман үммөтүнүн эң жакшысы, Азирети Абу Бакр да эмгектенген. Азирети Умар да соода кылган, бак өстүрүп багбанчылык кылган. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларды кесибине карап бөлгөн эмес. Алардын баарына бирдей мамиле кылган. Азирети Усмандын сатып алган кудугу, тиккен бактарынан түшкөн киреше азыркы учурда да киреше берип турат. Абдурахман бин Ауф соода ишин мыкты өздөштүргөндүктөн, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Абдурахман жерден таш терсе, анын астынан алтын табат” деп айтчу.

Урматтуу мусулман бир тууганым, кандай кесип болсо да, таман акы маңдай териң менен тапканыңдын даамы башкача болот. Эч качан сурамчылыкка бел байлаба. Сурамчылык бул кордук. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: “Колуңа арканды алып, тоодон отун чогултуп келип сатканың, береби, бербейби деп кор болуп, бирөөдөн суранганыңдан жакшы”.

Пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Кайсы кесип жакшы? деп сурашканда, ал: “Ар бир адамдын өз колу менен кылганы жана жалган аралашпаган соода” деп жооп берген.   Дагы бир хадисте: “Алла Таала ыймандуу, өнөрлүү пендени сүйөт” деп айткан.  Азирети Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Жигиттердин баары менин көзүмө жакшы көрүнөт, бирок алардын кимисинин өнөрү жок болсо, андан көңүлүм калат”. Учурда кээ бир жашы кыркка кирген жигиттер ата-энесин пенсиясын карап отурат. Кээ бирлери Россиядагы аялынын жиберген акчасын күтүп отурат. Бул жигит адам үчүн уят. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким адал эмгеги менен адамдарга пайда бербесе, алардын жашоосуна зыянын тийгизет, андан эч кандай жакшылык жок” дейт. Өзү эмгек кылып нан таппаган адамдын эч кандай жакшылыгы болбойт.

Урматтуу мусулман бир тууганым, Кудайга шүгүр Алла Таала бизди ыйман жолуна салып койду. Берекелүү жерге жашатып койду. Мына ушуга шүгүр кылып, эмгек менен жашоого үйрөнөлү. Качанга чейин ата-эненин пенсиясын күтүп, аялдардын тапканы менен жашайбыз!? Сөзүмдү пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы бир хадис менен бүтүрөмүн, хадисте пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун) айтат: “Ким адал жол менен ырыскы талап кылып жүрүп чарчап анан уктаса, ал күнөөлөрү кечирилип уктайт”. Алла Таала баарыбызга мына ушундай уйкуну насип кылсын. Жалкоолуктан, бирөөнүн колун караган кордуктан сактасын. Ар бир үйдө ыйман нуру жанып, дасторконунда береке төгүлүп турсун.

Ассалааму алайкум ва рахматуллохи ва баракатух.


Ушул темага байланыштуу