Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) мечитинде канча адам итикафка кирди?

Касиеттүү Мадинадагы пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйык мечитинин иштери менен алектенген уюмун билдирүүсүнө ылайык, Рамазан айынын акыркы он күнүндө мечитте итикафта отургандардын саны 13 655 ке жеткен. Булардын көбү эркектер, тагыраак айтканда, итикафтагылардын 11 432 си эркектер, 2143ү аялдар. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитине итикафка отурууну каалагандар алдын ала электрондук жол менен билдирүү жасашат. Аталган мечитке итикафка кирген адам тартип сактап, мечитти таза тутуп жана башкаларга тоскоолдук кылбоого тийиш. Итикафтын мөөнөтү орозо айтына караган түнү шам намазынан кийин аяктайт.

Кудайга шүгүр, бизде да жыл санап мечиттерде итикафка отургандардын саны артууда. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) маанилүү сүннөтү болгон итикаф амалын аткарууну Алла Таала баарыбызга насип кылсын.


Ушул темага байланыштуу