Германияда өзгөчө мечит ачылды

Германиянын Кельн калаасында элде жок өзгөчө мечит ачылды. Көрүнүшу көздун жоосун алган мечиттин аянты 4500 чарчы метрди түзөт. Мечитте бир мезгилде 4 миң адам намаз окуй алат. Намаз окуучу залдарынан сырткары китепкана, музей жана башка бир канча бөлмөлөрү бар бул мечиттин курулушуна 40 млн доллар жумшалган. Мечитте бийиктиги 55 метрге жеткен эки мунарасы жана эбегейсиз чоң күмбөзү бар. Мечиттин архитектуралык түзүлүшүн белгилүү дизайн, архитектор Пауль Бём түзгөн.

Айта кетсек, бул мечит бир эле Германия эмес, жер бетиндеги өзгөчө саркечтелген, кулчулук үйү болуп калды.


Ушул темага байланыштуу