Эмне үчүн Харам мечитинин төшөмө ташы ысык күндө да салкындыгын жоготпойт?

Мекке шаары жер бетиндеги өтө ысык жайлардын бири. Шаардагы жылдык температура 30 градус нөлдөн жогору болуп турат. Анын кышкы эң суук түнү 10 градус нөлдөн жогору болсо, жайкы аптабы 55 тен өйдө болот.

Аба температурасынын мындай жогорулугуна байланыштуу бир суроо туулат, эмне үчүн Харам мечитине төшөлгөн төшөмө таштар 40 градус ысыкта да салкын боюнча турат? Чынында мындай ысыкта таш үстүндө жылаңаяк басуу ары турсун, бут кийим менен да баса албашыбыз белгилүү эмеспи. Ажы же умра сапарына барган ар бир адам, бул таштардын үстүнө бутуңду коёр замат, андан чыгып турган салкындыкты сезип, жаның жай ала түшөрүн жакшы билет. Күндүн нурун тосуп турган эч кандай чатыры болбогон мечиттин сыртындагы жана Каабанын айланасындагы таштардын мындай салкын болуп туруусу боюнча ар кандай пикирлер айтылып келген. Мисалы, кээ бир маалымат каражаттарында мрамор таштардын алдынан муздак суу жүгүртүлүп туруучу трубалар жаткырылган десе, кээ бирлеринде таштын алдында атайын муздаткычтар коюлган деп айтылат. А чын-чынына келгенде кептин баары таштын өзүндө экен. Грециядагы Тасос аралынан алынып келинген бул ак мраморлордун канчалык ысык болсо да өзүнөн суук чыгарып турчу касиети бар. Анын башка таштардан негизги өзгөчөлүгү күндүн нурун өзүнө сиңирбей, кайра чагылдыргандыгында. Ошол себептен күн канча ысыбасын таштын бетинин жылуулугу өзгөрбөйт. Өзүнүн мына ушул артыкчылыгы менен мындай мраморлор дүйнөдөгү эң кымбат таш болуп эсептелет.

Кудай буйруп ажы же умра сапарына барып калсаңыз, бул мрамордун үстүндө каалашыңызча басып, ал тургай жамбаштап, сергип аларыңыз да турган кеп.


Ушул темага байланыштуу