Сиздин ушундай досуңуз болду беле?

Атасы, Ал төрөлөөрдөн эки ай мурун, ал эми Ал алты жашында апасы дүйнөдөн кайткан. Ал жетим дагы, жалгыз болгон. Өмүрү өткөнчө жетимдердин камкору болгон.

Ар дайым ойлуу эле. Унчукпоосу сүйлөөсүнөн көп болуп, пайдасыз сөз сүйлөбөчү, сүйлөп жатканда ашык дагы кем дагы сөз колдонбочу. Бул дүйнөлүк иштер үчүн эч ачууланбай, өзүнүн атына ачууланбачы жана эч качан өч алчу эмес. Жаман сөз айтпай, кечиримдүүлүктү жактырып, эч кимге кек тутпай, эч кимден өчүн албачы. Душманын кечирип эле тим болбостон, аларга маани берчи. Өзүн үч нерседен тыйган:

1-Эч ким менен урушчу эмес;

2-Көп сүйлөчү эмес;

3-Бош, пайдасыз нерселер менен алектенчи эмес.

Өзүнөн бир нерсе үмүт кылган адамды үмүтсүздүккө алпарбачы. Жакпаган нерсеси болсо унчукпай калчы. Эч кимди беттен алып, аркасынан айыптаган эмес. Эч кимдин кемчилин изилдечи эмес, эч кимди жамандачы эмес. Жанына келгендердин эң акыркысынын сөзүн биринчи сүйлөгөн адамдыкындай кунт коюп укчу.

Бир топтун арасында жүрсө алар бир нерсеге күлүшсө кошо күлүп, бир нерсеге таң калса кошо таң калчы. Чындыкка төп келбеген мактоону кабыл алчы эмес. Ар дайым оор басырыктуу жүрчү. Ал сүйлөп жатканда Анын тегерегиндегилер курчап калышчы, сөздөрү берметтей таттуу жана так болчу.

Басып баратканда элдин артында басчы, буттарын жерден толук көтөрүп, эки жакка термелбей, кадамдарын кең таштап, бийик жерден төмөн түшүп келаткандай алдыга ийилип, салмактуу жана жай басчу.

Эшигине жардам сурап келген адамды бош узаткан эмес.

Ар дайым капалуудай, бирок күлүмсүрөп жүрчү. Жаман сөздөрдү оозуна эч алган эмес. Кыйынчылык учурларда оройлонуп кыйкырбачы. Кедей-кембагалдар менен чогуу тамактанчы, алар менен тамактанып жатканда алардан арасында таанылбай калчу. Тамак тандабай, алдына эмне коюлса жечү.

Жөнөкөй кийимдерди кийип, мактанууну жактырчы эмес. Бирөө менен сүйлөшүп жатканда жанындагы адамдан жүзүн бурбай, барган жерине кайсыл жер бош болсо ошол жерге отуруп, башкалардан өзгөчөлөнбөчү.

Эртең менен үйдөн чыгып жатып минтип дуба кылчы:

“Оо, Жаратканым! Туура жолдон адашуудан жана адаштырылуудан, алдануудан жана алданылуудан, адилетсиздиктен жана адилетсиздикке учуроодон, сый көрсөтпөстүктөн жана сый көрсөтүлбөстүктөн Сага сыйынам”.

Ал өзгөчө болчу, бирок катардагы адамдардай жашачу. Ал адам – ПАЙГАМБАРЫБЫЗ  МУХАММЕД саллаллаху алейхи ва саллам эле.