Ажылыкка кырк жаштан өткөндөр гана бара алат…

Тажик өкмөтү мына ушундай чечим кабыл алды. Буга ажылыкка баруучулардын санынын көбөйгөнү себеп болууда. Буга чейин да тажик бийлиги ажылыкка эки жолу жаш чектөө киргизген болчу. Биринчисинде, тагыраагы 2010-жылы балакат жашына жете электер менен сексен жаштан ашкандарга ажыга барууга тыюу салса, экинчисинде болсо, арадан бир канча жыл өткөн соң 35 жашка толо электерге тыюу салган. Эми минтип 40 жашка чейинкилерге тыюу салып отурат.

Эске салсак, өткөн жылы Тажикстандан 6000 адам ажы амалын аткарып келген. Тажик Дин иштери комитети жыл сайын Сауд Арабиясынан квотанын санын көбөйтүүнү суранып келет, бирок мындан эч кандай майнап чыга элек.

А бизде болсо азырынча эч кандай чектөө жок. Ошону менен катар ажыга баруучулардын саны да жылдан-жылга көбөйгөнү байкалууда. Буга да Кудайга шүгүр дейли.


Ушул темага байланыштуу