Бейиш эшиги жабылганча…

Ар бирибиздин үйүбүздө Бейишке кирүү үчүн ачылган эшик бар же болгон. Бирок, тилекке каршы көпчүлүгүбүз, эшик ачык турганда кирбестен, ал жабылып калгандан кийин өкүнүп жүрөбүз. Биздин үйдөгү бейиштин эшиги — атабыз жана энебиз. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинде: «Ата — бейиштин ортоңку дарбазасы. Ким аны кеңейтүүнү кааласа, кеңейтсин. Ким аны жаап салууну кааласа, жаап салсын» — деп айткан. Ошондой эле экинчи бир хадисте: «Бейиш — энелердин кадамынын астында» — деген. Бейиш сенин энеңдин кадам астында болсо, анын ортоңку дарбазасы сенин атаң болсо, анан эмне үчүн сен бейишке кире албайсың? Эмне үчүн бейиштин эшиги сенин үйүңдө турса, аны башка жактан издейсиң?

Мурдакы заманда ыймандуу адамдардын бирөөсүнүн энеси каза болот. Ал абдан кайгырып, көз жашын көлдөтүп ыйлайт. Жолдоштору анын көңүлүн жубатышат. Бирок, ал ыйын токтотпойт. Ошондо: «Сен эмне Аллахтын тагдырына нааразы болуп жатасыңбы, энең менен Акыретте жолугарыңа ишенбейсиңби?» — дешет. Ошондо тиги: «Мен энемдин каза болгонуна кайгырганым жок, үйүмдөгү бейиштин эшиги жабылып калганына кайгырып жатам» — деп жооп берген экен.

Бүгүнкү заманда биздин да жумушубуз көп, бирибиз жумуш, бирибиз окуу, бирибиз дагы бир көйгөйдүн артынан чуркап, үйүбүздөгү бейиштин эшигин эсибизден чыгарып коёбуз. Эшик ар дайым ачык турбайт. Анын да жабыла турган учуру болот. Бейиш эшиги жабылганча аны пайдаланып калалы…


Ушул темага байланыштуу