Тумшугу менен жерге кирсин…

Сени төрөгөндөгү эненин тарткан азабы, сени багуудагы эненин көргөн кыйынчылыгы, сени эмизген ак сүтү эч качан акталбайт. Абдуллах бин Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) ажы амалын аткарып жаткан учурда, энесин моюнуна көтөргөн бир жигит келип: «Мен энемди көтөрүп Каабаны жети айланып, ажы амалын аткарттым. Менимче, анын ак сүтүн актадым го?» — деп сурайт. Абдуллах: «Сен энеңе жакшылык гана кылдың, бирок анын ак сүтүн актай албадың. Анын сени төрөгөндөгү бир жолку толгоосун да актай албайсың» — деди. Аллах Таала, Лукман сүрөсүнүн 14-аятында: «Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн) соң аны  эмизүү мөөнөтү эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага  гана кайтасыңар!» — деп айткан. Ата-энеге жакшылык кылууну Аллах Таала бизге осуят кылды. Осуяттын өкүмү,  буйруктун өкүмүнөн жогору турат. Энең кыйынчылыктын үстүнө кыйынчылык менен сени тогуз ай көтөрдү. Эненин курсагында бала чоңойгон сайын, аны көтөрүү эне үчүн кыйын болот. Ошого карабастан, курсагындагы бала чоңойгон сайын, эненин кубанычы да күчөй берет. Бул кубанычты энелерден башка эч ким билбейт. Тогуз ай курсагына көтөрүп төрөгөн баласын, эне эми өмүр бою, өзү бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин, кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен жүрөгүндө көтөрөт. Анын ушундай жакшылыктарына шүгүр кылбай, анан эмнеге шүгүр кылабыз!?

Ата-энени ыраазы кылып алардын дубасын ала албаган адам, бул дүйнөдө да, Акыретте да бактылуу боло албайт. Бир жолу Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарга чыгып баратып: «Тумшугу менен жерге кирсин, тумшугу менен жерге кирсин, тумшугу менен жерге кирсин» — деп кайталайт. Сахабалардын бири: «Оо, Аллахтын элчиси, кимди айтып жатасыз?» — деп сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ата-энеси, же алардын бири колунда картайып, бирок бейишке кире албаган адамды» — деп жооп берет. Мунун мааниси, колундагы ата-энесине жакшы мамиле кылбай, картайып ал-күчтөн тайганда алардын бата-дубасын ала албай бейиштен куру калды деген сөз.

Кимдин ата-энеси же алардын бири тирүү болсо, анда алардын батасын алып бейишке кирүүнүн бир себебин табууга шашылсын…!


Ушул темага байланыштуу