Гарвард университетинде имам дайындалды

Аталган окуу жайда буга чейин эле башка дин өкүлдөрү менен катар мусулмандар үчүн да сыйынуу жайы ачылып, анда студенттер намаз окуп келишкен. Эми болсо, окуу жайдын жетекчилиги мусулмандардын башын бириктирип, намазга жыгып жана диний суроолорго жооп бере турган имам дайындады. Мындай кабарды чет элдик маалымат каражаттарына таянып stan.kz кабарлады.

Окуу жайдагы мусулман студенттеринин имамы болуп Халил Абдур-Рашид дайындалды. Ал бул кызматы үчүн окуу жайдан айлык акы да алат. Халил буга чейин эле ислам таануучу профессор катары университет менен биргелишип иштеп келген. Профессор-имамдын диний жана светтик билими бар. Ал Джордж жана Колумбия университетинин бакалаврын окуп бүтүргөн. Диний билимди Йемендеги Тарим шаарында окуган жана Стамбулдагы ISAR ислам оку жайында билимин тереңдеткен. Англис тилинен сырткары арап жана түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн имам Америка окуу жайларындагы алгачкы имам болуп эсептелет.


Ушул темага байланыштуу