Орусияда узун өмүр сүргөндөр мусулмандар экени аныкталды

Росстат Орусия аймагындагы эң узун өмүр сүргөн адамдар кайсы аймакта жашарын аныктады. Буга чейин эле белгилүү болгондой бул изилдөөдө да Кавказ аймагы алдына ат салдырган жок. Бул жолу да Ингушетия менен Дагестан аймагында узун өмүр сүргөндөрдүн саны көп болуп чыкты.

“Известия” басылмасынын маалыматына ылайык, 2016-жылы Орусияда өмүр сүрүүнүн орточо узактыгы 71, 87 жашка жеткен. Тагыраак айтканда, аялдар арасында бул көрсөткүч 77, ал эми эркектер арасында 66,5 жашты түзгөн. Ал эми Кавказ аймагында болсо, өмүрдүн орто узактыгы 75 жашты түзөт. Ингушетияда 80,8 жаш, Дагестанда 77,2 жашка туура келген.


Ушул темага байланыштуу