Кулактын дарысы

Бир абышка теңтушуна арыз-арманын айтат:

— Ээ, теңтуш, кемпирдин кулагы болбой калды, — дейт ал, — догдур-согдурга көрсөтпөсөк болбойт окшош.

— Ой, аны догдурга көрсөтүп эмне кыласың, аларың акчаңды куруткандан башка эч нерсеге жарабайт, андан көрө кыргызча эле дарылабайсыңбы? — дейт теңтушу.

— Кыргызча да дарыласа болобу, айтчы билгениңди? – деп шаштырат, сүйүнүп кеткен абышка.

— Алгач, жыйырма метр аралыктан сүйлөп көр, эгер укпаса, беш метр жакындап сүйлө, укпаса дагы жакында, ошентип канча аралыктан угарын билип алсаң болот. Калганын анан көрө жатабыз, — дейт тиги.

Абышка үйүнө келсе кемпири очок жакта бир нерсеге иришип жүрүптүр. Жыйырма метрдей аралыктан: «Кемпир, эмне тамак жасап жатасың!» деп кыйкырат. Кемпири унчукпайт. Бир аз жакындап, дагы сүйлөйт. Кемпири дагы эле унчукпайт. Абышка дагы жакындайт. Ошентип кемпиринин жанына келип: «Кемпир, эмне тамак жасап жатасың!?» – деп кыйкырса, кемпири ачууланып:

— Ой, жанатан бери беш жолу айттым го, тоок бышырып жатам! – дептир.

***

Албетте, бул жөнөкөй бир икая. Бирок, мындан алына турган өзгөчө сабак бар. Учурда адамдардын көбү өзүнүн айыбын билбей, башкаларга сын такканды адатка айланып алышкан. Бул өтө өкүнүчтүү…