Ал бардык тараптан чыныгы жол башчы болгон

Адамзат Адам атабыздан ушул күнгө чейин канчалаган улуу адамдарга күбө болушкан. Аттарын тарыхка алтын тамгалар менен жаздыргандар болгондой эле, унутулуп кеткендери да болду. Аттары белгилүү болгондордон албетте бир канча адамдар үлгү алышкан. Бирок адамдар тарабынан эң көп үлгү алынгандар албетте пайгамбарлар. Мунун себеби, алардын Аллах тарабынан адамдарга мугалим катары жөнөтүлүшүндө.

Жашоолору үлгү болгон пайгамбарлардын өмүр-баяндары тууралуу жетиштүү маалыматтар жок. Бир гана пайгамбарлар пайгамбары болгон Мухаммад пайгамбарыбыз (САВ) тууралуу көптөгөн маалыматтар бар. Мунун себеби  Курани-Каримде «жакшы бир үлгү» катары эскерилген пайгамбарыбыздын (САВ) бардык жагынан бизге үлгү болуусу.

Төмөндө Мухаммад пайгамбарыбыздын (САВ) бүткүл мусулмандарга үлгү боло турган жашоосунун кээ бирлери:

ТАМАКТАНУУСУ: Бир күндө эки маал тамактанчу. Тамактанып жатканда аз жешти осуят кылар эле. Анын  тамактануусу кээ бир убактарда бир курма менен эле чектелген.

Алдыга келген тамакты эч качан сындаган эмес. Табити болсо жеп, болбосо жечү эмес. Колдо болгон тамак-ашка каниет кылчу. Жешке эч нерсе таба албай калганда сабыр кылчу. Жада калса ачкалыктан улам курсагына таш байлап алган учурлары да болгон.

ЖЕШ АДЕБИ: Тамак жеп атканда оңго-солго таянып жечү эмес. Оң колу менен, алдына коюлгандардан гана жечү. Сол колу менен жегендерди тыйчу.

ИЧҮҮСҮ: Көпчүлүк учурда сууну отуруп, бөлүп-бөлүп иччү. Көбүнчө үч бөлүп ичээр эле. Ага ичүүгө сунулгандарды ичкенден кийин сол жагында улуураак бирөө болсо да, оң жагындагыга берчү.

ЖАТУУСУ, УКТООСУ: Кээде төшөктө, кээде ашатылган теринин үстүндө, кээде килем-паластардын жана дивандын үстүндө уктачу. Төшөгү жана жаздыгы ашатылган териден болуп, ичи була менен толтурулган.

СҮЙЛӨӨСҮ: Адамдардын арасында аябай түшүнүктүү сүйлөгөнү эле. Айта турган оюн кыска, так, даана айтчу. Сүйлөп жатканда шашпай сүйлөчү. Эгер бирөө айтып жаткан сөздөрүн санагысы келсе, оңой эле санап алчу. Көпчүлүк учурда дагы жакшыраак түшүнүшсүн деп сөздөрүн үч жолудан кайталап айтчу. Ал эми керексиз учурдарда сүйлөчү эмес.

КҮЛҮҮСҮ: Күлүүсү жылмаюу гана болчу.  Аябай катуу жылмайганда маңдайкы тиштери көрүнөр эле.

ЫЙЛООСУ: Кээде мээриминен улам, кээде үммөтүнө ырайымынан, кээде Аллахтан коркуусунан улам, кээде Куран угуп атканда ыйлоочу. Уулунун, кызынын жана кээ бир сахабалардын өлүмүнө да ыйлаган.

ҮЙ ИЧИНДЕГИ АБАЛЫ: Пайгамбарыбыз (САВ) үйүндө кийимдерин өзү жууп, койлорун өзү саап, кийимдерин өзү жамап, үйүн өзү тазалап, төөсүнө жемин өзү жедирип, базардан сатып алгандарын өзү көтөрүп келчү.

Жубайлары менен болгон маектерде кызыктуу аңгемелерди айтып, кээде тамашалап койчу. Үй-бүлөсүндөгүлөргө дайыма жылмаюу менен караган.

КИЙИНҮҮСҮ: Ак кийим кийип, ак кийим кийүүнү осуят кылган. Жегенде, ичкенде жана кийингенде оң жактан баштачу. Эң сүйгөн кийими көйнөк эле. Көйнөгүнүн жеңи билегине чейин эле.

БАСЫП ЖҮРҮҮСҮ: Басканда бутун сүйрөбөй, кадам шилтегенде бутун жерден көтөрүп басчу. Басып баратканда эки жакка термелбей, ылдыйыш жерде бараткандай бир аз алдыга ийилип басчу.

ЭР ЖҮРӨКТҮҮЛҮГҮ: Хунайн согушунда мусулмандар ар тарапка чачырап тарай баштады. Топ-топ болуп пайгамбарыбыздын (САВ) айланасына чогулган инсандар баатырдыктары артып, кайрадан жеңишке умтулушкан. Ухуд согушунда тиши сынып, жаагы жарылып жарадар болгон эле. Сахабалар ар тарапка чачыла баштаганда, айланасына чогулган сахабалар менен жеңилүүгө учуроонун алдын алган.

МЭЭРИМИ: Душмандарга да өтө жумшак жана кечиримдүү эле. Өлтүрүлөбүз деп ойлогон бир топ туткун кечирилип, бул кенен мээримден өз үлүштөрүнүн алышкан.

Намазда бир бөбөктүн ыйлоосун укса, намазды узартпастан мындай дечү: “Бөбөктүн ыйлаганынан апасынын сезе турган кайгысы көп экенин билгеним үчүн намазды кыскарттым”.

УБАДАГА ТУРУУСУ: Бир жолу бирөө менен соода-сатык кылат. Ал адам бир аз күтө тур деп кетет. Окуяны эсине түшүп кайра катканда, пайгамбарыбыздын (САВ) ал жерден үч күн кетпей күткөнүн билет.

САЛАМДАШУУСУ: Жолдо жаш балдарды жолуктурса, аларга салам берчү.

ООРУЛАРДЫ ЗЫЯРАТ КЫЛУУСУ: Ооруларды зыярат кылып, аларга шыпаа тилеп дуба кылчу. Чөйрөсүндөгү инсандардын дарттарын угуп, ооруларын дарылоого аракет кылчу.

КОШТОШУУСУ: Коштошкон инсандарга кайыр дубасын берчү. Умра кылуу үчүн уруксат сураган азирети Умар менен коштошуп атып, дуба кылуусун сураган.

ЖЕТИМДЕРГЕ МАМИЛЕСИ: Жетимдерди кепилдигине алган киши менен бейиште коңшу болоорун айтаар эле. Жетим менен аялдын акысын жештен алыс болууну инсандарга катуу эскертчү.

ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮ: Абдуллах бин Масууддун баяндоосу боюнча, пайгамбарыбыз (САВ) жука төшөктүн үстүндө уктап жаткан болот. Уйкудан ойгонуп, өйдө турган кезде жук кездемеден өткөн издер анын денесинде калып калган болот. Биз Аллахтын элчисине (САВ): «Оо, Аллахтын элчиси, биз сизге жаздык алып келип берели» дедик. Ал (САВ) болсо бизге кайрылып: «Бул дүйнө менен менин эмне ишим бар. Мен бул дүйнөдө бир жолоочуга окшошмун, дарактын астында эс алып отуруп, андан ары жолун улагандай».