6 жашында ажылыкты үйрөнгөн балдар

Ажылыкка барганда Малайзиялык ажылардын тартибине суктанбаган адам болбойт. Жетелешип, бири-биринен бир кадам алыстабаган Малайзиялык ажыларды ажы амалдар аткарылчу бардык жайлардан оңой эле таанууга болот. Өздөрү да, кийимдери да а түгүл аткарган кыймыл, амалдары да коёндой окшош болгон бул ажылардын тартиптүүлүгүнүн сыры белгилүү болду. Көрсө, Малайзияда баланын жашы алтыга толгондон баштап ажы амалдарын аткаруунун жол-жобосу окутула баштайт экен. Жөн гана окутулуп тим болбостон, кичинекей ажылар атайын жасалган Каабаны айланып, “Арафат” тосуна чыгып, “Мина” өрөөнүнө түшүп, шайтанга таш атып, кыскасы ажыга тиешелүү бардык амалдарды иш жүзүндө аткарышат.

Сүрөттө быйылкы жылкы 4000 балакай биринчи “ажылыгын” аткарып турган учуру. Куала-Лампур келечек ажыларын мына ушинтип тарбиялайт.


Ушул темага байланыштуу