Курмандык чалуу…

Адамзат тарыхында курмандык чалуу тээ Адам атанын заманынан бери карай уланып келе жатат. Бир жолу Адам атанын балдары Кабыл менен Абылдын ортосунда келишпестик болуп калат. Экөө атасына даттанып келишкенде, атасы: «Талашыңарды Аллах чечет» деп коёт. Экөө тең Аллах Таалага курмандык кылууну ниет кылышат. Аллах Таала кимисинин курмандыгын кабыл кылса, ошонусунун айтканы туура болмок. Дыйканчылык менен алектенген Кабыл бир боо будайды алып келет. Мал-чарба менен алектенген Абыл бир коюн жетелеп келет. Ошол заманда, Аллах Таала кимдин курмандыгын кабыл кылса, аны от жалмап күйгүзүп кетчү экен. Асмандан түшкөн от Абылдын курмандыгын күйгүзүп кетет. Анткени, ал Аллахка жагуу максатында «Аллах улуу жана таза зат» деп, койлордун ичинен өзүнө жаккан семиз койду алып келген болчу. Ал эми Кабыл болсо, «баары бир күйүп жок болот» деп эгиндин арасындагы даны түшүп калган эң жаман саманды алып келген эле. Демек курмандык кылууда эң биринчи Аллахка ыклас кылуу керек. Чын ыклас менен аткарылган курмандыкты Аллах Таала кабыл кылат. Ошондой эле аткарылган курмандыктын каны да, башкасы да Аллахка жетпейт. Аллах Таалага пенденин ыкласы гана жетиштүү болот. Бул туурасында Кураанда: «Аллах Таалага курмандыктын кандары да, эттери да жетпейт. Бирок силердин такыбаңар менен ыкласыңар (таза ниетиңер) жетет» деп айтылган (Хаж сүрөсү, 37-аят).

Тарыхтагы дагы бир чоң курмандык Ибрахим пайгамбардын заманында болгон. Анын Аллахка болгон ишенимин дагы бир жолу сыноо максатында Аллах Таала аны баласын курмандык кылууга буйруду. Баласы Исмайил, Ибрахим пайгамбардын картайганда көргөн перзенти эле. Өзүнүн сүйүктүү уулун курмандык кылуу канчалык оор болсо да, Аллахтын буйругун кыйшаюусуз аткарган пайгамбар баласын курмандык кылууга даяр болду. Ыймандуу атанын ыймандуу баласы да Аллах үчүн жан берүүгө даяр эле. Ата баласын курмандык кылуу үчүн бычак тартканда бычак кеспей койду. Анткени кулунун ыкласына ыраазы болгон Аллах Тааланын сыноосу бүткөн эле. Аллах Таала Ибрахим пайгамбарга бир кочкорду жиберди. Пайгамбар аны курмандык кылды.

Хижраттын үчүнчү жылы, Зул-Хиджа айынын тогузунда Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)  Савук жортуулунан Мадинага кайтып келип, эртеси күн чыккандан кийин Айт намазын окуган жана намаздан соң курмандык кылуу жөнүндө баян кылган. Ушул күнү өзү да эки курмандык чалган.

Курмандыктын мааниси: «Курмандык» сөзү араб тилиндеги «Курбан» деген сөздөн алынып, «Аллахка жакын болуу» деген маанини туюндурат. Демек, кайсы бир малды Аллахты ыраазы кылып, Ага жакын болуу үчүн союу курмандык кылуу болуп эсептелет.

Курмандык чалуунун өкүмү: Ханафий мазхабынын (Имам Аьзам) аалымдарынын пикири боюнча, курмандык чалуу зекет берүүгө кудурети жеткен ар бир мусулманга важыб (милдет). Кээ бир аалымдар «Зекет бере албаса да кыйналбай курмандык кылууга күчү жеткен адамдарга милдет» деп айтышкан. Бул өкүмдөрдүн баары Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад) Раббиң үчүн намаз оку жана мал сойгун» деген аятынын негизинде чыгарылган. (Кавсар сүрөсү, 2-аят).

Курмандык чалуунун пайдалары: Курмандыктын көптөгөн пайдалары бар. Аларды Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)  төмөнкү хадистеринен байкоого болот.

«…Курмандык күндөрү Аллах Таала үчүн адам баласы жасаган амалдардын ичинен кан чыгаруудан сүйүктүүрөк болгон амал жок…» — деп айткан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)  (Ибни Мажа, Тирмизи).   

Курмандык эмне? — деп пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)  сурашканда:

«Ал атаңар Ибрахимден калган сүннөт» — деп жооп берди.

Андан бизге кандай сооп болот? — деп сурашты.

«Курмандыктын ар бир кылы үчүн бирден сооп берилет» — деп жооп берди пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (Ибн Мажа, Тирмизи).  

Мындан сырткары да «Мууздалган мал Кыямат күнү мүйүздөрү, туяктары, жүндөрү менен далил болот. Курмандыктын каны жерге тама электе, курмандык кылган адамдын даражасы көтөрүлөт. Андыктан, жайдары көңүл менен курмандык чалгыла» деген хадистер айтылган (Атабарани).   

Курмандык чалуунун сырлары: 1) Аллах Таалага жакындоо. 2) Ибрахим пайгамбардын сүннөтүн тирилтүү. 3) Айт күндөрү үй-бүлөөгө жакшы маанай тартуулоо жана бей-бечараларга ырайымдуулук кылуу сезимдерин жаратуу. 4) Коомчулукта бир туугандыкты жаратуу. Курмандык кылган адам менен курмандыкты алган адамдын ортосунда сөзсүз түрдө жакшы мамиле пайда болот. 5)  Малдарды бизге моюн сундуруп бергени үчүн Аллах Таалага шүгүр кылуу. Аллах Таала Куранда: «Эми андан жегиле жана кембагал, бей-бечараларды ырыскыландыргыла. Аны силерге ушинтип моюн сундуруп койдук, кана эми шүгүр кылсаңар…» деп айткан (Хаж сүрөсү, 36-37-аяттар).

Курмандык чалуунун убактысы: Курмандык чалуу айт күнү Айт намазы окулуп бүткөндөн кийин башталып, үчүнчү айт күнүнө чейин уланат. Имам Аьзам мазхабы боюнча айт намазына чейин жана төртүнчү айт күнүнө өтүп кеткенден кийин союлган жандык курмандык эсебине кирбейт. Ал жөн гана союлган мал катары эсептелинет. Ошондуктан курмандыктын эң жакшы убактысы айт намазы окулган кийин болуп эсептелинет.

Курмандык чалуунун жолу: Курмандык кылынуучу малды кыбылага каратып жаткырып, бычак тарткан мезгилде «Бисмиллахи Аллаху Акбар» же «Бисмиллахи валЛооху Акбар, хаза минка ва лака» деп айтуу керек. Экинчи дубанын мааниси: «Аллахтын ысмы менен, Аллах эң Улук! Оо, Аллахым. Бул (курмандык) Өзүң тараптан жана Өзүңө арналган». Курмандыкты ар ким өзү сойсо жакшы (мустахаб). Өзүнүн атынан башка кишилерди өкүл кылып сойдурса да болот.

Курмандык кылууга жарактуу мал-жандыктар: Аллах жолуна курмандык кылуу кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо жарым жашка толсо да курмандыкка жарай берет. Ал эми койдон башка жандыктар «саний» болууга тийиш. Эчки бир жылдыктан экинчи жылга өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө «саний» болуп эсептелет. Курмандыкка аталган жандык сопсоо жана денелик айыптардан таза болуусу керек. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, ылаңдаган ж.б.у.с. жандыктар курмандыкка жарабайт. Курмандык үчүн эң абзели – эки көзүнүн тегерегине жана буттарына кара түс аралашкан мүйүздүү ак кочкор.

Курмандыктын эти: Эт үч бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгүн өз үй-бүлөөсү менен жеп, экинчисин кошуна, дос-бурадарларга, ал эми үчүнчүсүн колунда жок муктаж адамдарга таратып берүү жакшы. Анын териси жана шыйрактарына чейин садага кылынууга тийиш. Курмандык кылууда кой менен эчкини бир адам, ал эми төө менен уйду жети адамга чейин кошулуп курмандык кылууга болот.

Курмандыкты сойгон касапчыга курмандыктын этинен эмгек акы берилбейт. Анткени курмандык толук бойдон садага болуусу керек.

Пенденин ар бир жасаган амалы Аллах Тааланын алдында сакталуу. Эртедир-кечтир Анын алдына барган кезде ал амалдардын же пайдасын, же зыянын көрөбүз. Ошондуктан пайдасы гана тийчү иштерди аткарууга шашылалы.


Ушул темага байланыштуу