Астанада түзүлүшү боюнча уникалдуу мечит курулууда

Бул тууралуу kazislam.kz маалымат борбору жазып чыкты. Долбоордун директору Сагындык Джамбулатовдун айтымында, шарттуу түрдө мечитти “Аллахтын гүлү” деп аташкан. Жаңы курулуп жаткан мечиттин үстү жагы ачылып келе жаткан гүлгө окшоп тургандыктан ушинтип аташкан. “Казакстанда мечиттин эки түрдүү стили өзбек жана татар стили колдонулуп келет. А биз салып жаткан мечитте заманбап казак стили менен авангарддын айкалышы колдонулат” — дейт Сагындык Джамбулатов. Ошондой эле мечиттин мындай конструкциясы дин эрежелерин бузбастыгын, мындай курулуштар Малайзия менен Германияда да бар экендигин кошумчалайт. Анын айтымында, мечиттин ичи да абдан кооз жана өзгөчө болору күтүлүүдө.

Мечиттин курулушуна Казахстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уруксат берген жана мечит ушул жылдын күз айларында ишке берилери пландалууда.


Ушул темага байланыштуу