Бир туугандарымды сагындым…

Абу Хурайранын риваяты боюнча Пайгамбарыбыз (САВ) күндөрдүн биринде: “Менден кийин, “аттиң, азыр ээ болуп турган мал-мүлк, байлык жана бала-бакырабыз болбой эле, андан көрө пайгамбарыбызды көргөндө” дешип сагынгандар келет” – деп айткан.

Абу Йала бул риваятты мындайча толуктаган: “Аллахтын Элчиси (САВ): “Бир туугандарымды качан көрөм” деп терең дем алды. Анын жанындагылар: Ээ, Аллахтын Элчиси, сенин бир туугандарың биз эмеспизби? – деп сурашат. Ал болсо: “Силер менин досторумсуңар! Бир туугандарым болсо кийин келишет. Мени көрбөй туруп, мага ыйман келтиришет” деген”.

Абу Хурайранын башка риваятында күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (САВ) сахабалары менен көрүстөнгө барышат жана мындай дейт:

— Аллахтын саламы болсун, эй, момундар журтунун тургундары! Иншаллах, бир күнү биз дагы сиздерге кошулабыз.

Бир туугандарымды көрүүнү абдан каалап турам. Аларды ушунчалык сагындым.

Муну уккан сахабалар:

-Биз сенин бир туугандарың эмеспизби, ээ, Аллахтын элчиси!?” – деп суроо беришет.

Пайгамбарыбыз (САВ):

— Силер менин досторумсуңар, бир туугандарым болсо али келише элек” – деп жооп берген.

Сахабалар:

— Үммөтүңөн али келе электерин кантип тааныйсыз, ээ, Аллахтын Элчиси? – деп сурашат.

Анда Пайгамбарыбыз (САВ):

— Бир адамдын маңдайы жана буттары ак түстө болгон аты бар экенин элестеткиле. Ал адам бул атын бардыгы капкара болгон ат үйүрүнүн арасынан таба албайбы?” – деп сурайт. Сахабалар:

— Ооба, таба алат, ээ, Аллахтын Элчиси, – дешип жооп берет. Анда Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:

— Ооба, алар дагы алган даараттарынан улам жүздөрү нурдуу, колу жана буттары жаркырап келишет. Мен алардан мурун барып Кавсар булагынын башында сый көрсөтүү үчүн күтүп турам. Көңүл бургула! Бир нече адамдар жат төөнүн үйүрдөн куулуп чыкканындай менин көлмөмдөн дагы куулушат. Мен аларга: “Бул жакка келгиле” деп чакырам. Мага: “Алар сенден кийин абалдарын өзгөртүштү (Сенин сүннөтүңдү жолдошпой, башка жолдорго түшүштү, чоң күнөөлөр кылышты)” – деп айтылат. Муну уккандан кийин: “Алыс болушсун, алыс болушсун!” – дейм.

Башка риваятта мындайча айтылат: “Мага, сен алардын сенден кийин эмне кылгандарын билбейсиң” – деп айтылат. Мен болсо: “Менден кийин (багыттарын жана абалдарын) өзгөрткөндөр алыс болушсун! – деп айтам”.