Канадалык мусулман аял күнүнө 300 адамды тамактандырат

Канаданын Монреал шаарында 70 жаштагы Сабария Хусейн күн сайын 300 адамга тамак даярдайт. Ошону менен бирге үй-жайы жок жакырларга суу да таратат.

“Алардын жүзүндөгү күлкүнү көрүү – мен үчүн чоң бакыт. Мага алар кайсы динди тутунары кызыктуу эмес, мен баарына көмөк көрсөткөнүмө кубанычтуумун” – дейт карыя.

Сабария Хусейн Канадада отуз жылдан бери жашайт. Учурда ал бул чөлкөмдөгү мусулмандардын кайрымдуулук иштеринин баарына катышып келет. Мындан сырткары бир катар чиркөө өкүлдөрү менен да иш алып барат.

“Ислам дининде биз бирдиктүү болуубуз керек. Айрыкча азыркы учурда. Мен таанымал болууну каалабаймын, жөн гана мусулмандар жакшы адамдар экенин, коомго пайдалуу иштерди кылышарын жалпы журтка көрсөткүм келет” – деп кошумчалайт, кайрымдуу апа.


Ушул темага байланыштуу