Колу жукаларага пайгамбардын белеги

Бир күнү пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир топ колунда жок жарды адамдар келишти. Жарды адамдар келди дегенде, биз дароо эле булар жегенге бирдеме сурап келди го деп олойбуз. Бирок пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тарбиясын көргөн бул адамдар биз ойлогондой касы бир дүйнө кызыкчылыгы үчүн эмес, акыретине керектүү сооп-сыйлык үчүн келишкен эле. Алар пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылып: Колунда барлар бизге караганда көп соопко ээ болуп жатышат, алар биз окуган намазды окуп, биз кармаган орозону кармашат. Ошону менен катар мал-жаны көп болгону үчүн ажы, умра кылышат, жихадга чыгышат, садага беришет? – дешти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Силерге бир нерсени айтайынбы? Эгер ушул нерсени аткарсаңар байлардын алган сообуна жетесиңер жана мындай соопко ушу силер аткарган ишти аткаргандан башка эч ким жете албайт” — деди. Тигилер: “Айтыңыз, оо, Аллахтын элчиси” – деп сүйүнүп кетишти. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: “Ар бир парыз намаздан кийин 33 жолу Субхаан Аллах, 33 жолу Алхамду лиллаах, 33 жолу Аллаху Акбар деп айткыла”.

Урматтуу мусулман бир тууганым, колумда жок, ажыга бара албайм, садага бере албайм деп өкүнбө. Жогорудагы хадис колу жукаларга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйгарган белек. Мына ушул белекти пайдалан. Ар бир намаздан кийин бул сөздөрдү айтуу колубуздан келет, өтө жеңил, бирок сооп-сыйлыгы айтып бүткүс.


Ушул темага байланыштуу