Быйылкы ажылыктын жыйынтыгы чыкты

Маалымат боюнча бул жылы 2 352 122 адам ажылык милдет өтөө үчүн барышкан. Алардын 1,75 миллиону – чет элден келгендер. 1 миллиондон ашуун ажылар Азия элдеринен келсе, 400 миңи – Арап мамлекеттери ынтымакташтыгы кеңешине кирбеген элдерден, 200 миңден ашууну – Африка элдеринен, 100 миңи – Европадан жана 25 миңи – АКШ менен Австралиядан келген.

Ажылардын коопсуздугун сактоо үчүн 2280 коопсуздук кызматкерлери, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген 2935 ыктыярдуулар жардам көрсөтүшкөн. 1650 журналист ажылыкта орун алган окуяларды кабарлап, жазып турушкан.

Ажы милдетин аткаруучуларга 30 миң дарыгер кызмат көрсөтүп, кошумча 15 медициналык пункт ачылган.  Үстүбүздөгү жылы ажы амалын аткаруу үчүн баргандардан 39 адам ошол жакта каза болгон.

 


Ушул темага байланыштуу