“Ушакчы бейишке кирбейт” же шайлоо алдында кой терисин жамынгандарга эскертүү!

Эки күндөн бери “Сооронбай Жээнбеков шайлоодо добуш алыш үчүн Атамбаев Өзбекстанга жер берди…” деген темадагы чакан макала WhatsApp каналында жана соц тармактарда желип жүрөт. Кеп бул маалыматта эмне сөз болуп жаткандыгында эмес, кеп бул кайсы бир “философтун” жеке ой-пикиринен жаралган жалган маалымат Nasaat.kg деген группанын атынан таркалгандыгында.

Биздин расмий сайтыбыз ошондой эле бардык соц тармактардагы баракчаларбыз Nasaat.kg деп аталат жана биздин максатыбыз элибизди илим-билимге сугарып, таалим-тарбия берүү менен адеп-ахлактуулукка үндөө. Биз белгилүү аалымдарыбыздын жума кутпаларын жана баяндарын, таалим-тарбиялык маанидеги макала, жаңылыктарды гана жарыялайбыз. Мындан башка эч кандай максатыбыз жок. Ал эми жогорудагыдай шайлоо үгүтүнө, элди бөлүп-жарууга багытталган же болосо саясий өңүттөгү материалдардын бизге эч кандай тиешеси жок. Бул көралбастык кылган же шайлоонун шайтан оюндарынан пайдаланып өз көмөчүнө күл таркан бирөөлөрдүн иши болуусу мүмкүн. Эмнеси болсо да бирөөнүн атынан жалган маалымат таратуу жакшы иш эмес. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мусулман жалган айтпайт” – деп айткан. Жалган айтуу, бирөөнүн атынан жалган сүйлөө мусулманга тиешелүү сапат эмес. “Жалганчылык жамандыкка жетелейт, ал эми жамандык тозокко алып барат” деген пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Эң чоң күнөөлөр тууралуу айтып жатканда жамбаштап отурган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган күбөлүк берүү жөнүндө айтканда тике отура калып бир канча жолу кайталагандыктан, жанындагылар эми токтоп калгыдай эле деп тилеп жиберишкен. Мындан, бирөөнүн атынан жалган сүйлөө кандай чоң күнөө экенин баамдайбыз. Жалган ушак таратуунун коомчулукка тийгизген зыяны ат көтөргүс болгондуктан, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ушак таратуучу адам бейишке кирбейт” — деген.

Шайлоо учурунда болор-болбос дүнүйө үчүн бирөөнү жамандап, бирөөнү ушактап, бирөөгө жалаа жаап акыретиңди тозок отуна алмаштырып алуудан сак бол! Конгон жерин булгаган, зыянынан башка пайдасы жок чымын сыяктуу болбойлу. Шайлоо эле эмес, бул жашоонун өзү өтө кыска экенин унутпайлы. Эртең ажал жетип, күн бүткөндө Жаратуучунун алдында ар бир сөзүбүзгө жооп бере турган учур келерин эсибизден чыгарбайлы.

Бир эле шайлоо учурунда эмес, дегеле бардык мезгилде башка бирөөнүн атынан сүйлөө адамгерчиликке туура келбейт. Ошон үчүн Аллахтын азабынан коркуп, бирөөнүн атынан сүйлөөнү токтотолу. Аллах Тааланын “Ар бир ушак ташуучуга “Вайл” тозогу болсун” деген аяты бизге жетиштүү эмеспи!?

Эгерде биздин атыбыздан дагы бир ушундай маалыматтарды көрүп калсаңыздар ага ишенбөөгө жана аны башкаларга таратпоого чакырабыз. Касиеттүү Куранда: “Жакшылык жана такыбалыкта бири-бириңерге жардам бергиле, жамандыкка жана душмандыкка жардам бербегиле” деп айтылган. Дарексиз, жалган ушактарды таратып бири-бирибизге жамандыкта шерик болуп калбайлы.

Nasaat.kg сайтынын администрациясы


Ушул темага байланыштуу