Төрт даанышмандын тил тууралуу маеги

Бирде төрт даанышман отуруп баарлашып калыптыр.

Биринчиси: “Мен оозумдан чыгып кеткен сөзгө өкүнөм, айтылбай оозумда калган сөзгө эч өкүнө элекмин” – дейт.

Экинчиси айтат: “Менин оозумдан чыккан сөз мага падыша болуп башкарып алат, а сүйлөй элек сөзүмө дайыма мен падышамын”.

Үчүнчүсү: “Өзүнө кайра келсе зыяны тие турган, кайра келбесе эч кимге пайдасы тийбей турган сөздү сүйлөгөн пендеге таң калам” — дейт.

Анда төртүнчүсү айтат: “Мен айта элек сөзүмдөн коргоно алам, бирок айтып жиберген сөзүмдөн эч коргоно албайм”.

Абдишүкүр Нарматов.


Ушул темага байланыштуу