«Иса пайгамбар жана эки чаарчык» Абдишүкүр ажы Нарматов.

Иса пайгамбар бир адамды жолдош кылып сапарга чыгат. Жол жүрүп келатып агын суунун жээгине жеткенде бир аз эс алып, шам-шум этип алуу үчүн токтошот. Жандарында үч токочу бар болчу, экөө эки токочту жеп, ортодо бир токоч калат. Иса пайгамбар суу ичкени барып кайра келсе, жанагы калган бир токоч да жок. Калган нанды сен жедиңби? – деп сурайт пайгамбар жолдошунан. Жолдошу Жараткандын аты менен ант берип, токочту жебегенин айтат.

Сапар кайра уланат. Бир топ жол жүргөндөн кийин Иса пайгамбардын курсагы ачып эки жакка көз чаптырат. Араак адыр этегинде бир кийик эки чаарчыгы менен оттоп жүргөн экен. Пайгамбар анын бир чаарчыгын жанына чакырат. Жетип келген чаарчыкты кармап союп, жолдошу экөө курсагын тойгузат. Анан анын сөөктөрүн бири-бирине жакындаштырып Аллахка дуба кылат. Аллахтын каалоосу менен сөөктөр биригип, анан эт бүтүп, териси капталып жанагы чаарчык кайра тирилет да, ордунан ыргып туруп энесин көздөй чуркайт. Бир заматка жок болуп кайра пайда болгон түгөйүн көргөн экинчи чаарчык сүйүнүп, экөө энесин тегеренип чуркап оюн салат.  Иса пайгамбарга Аллах Таала мына ушул сыяктуу башка эч кимге берилбеген касиетти берген эле. Аллахтын каалоосу менен ал айыкпас ооруну айыктырып, өлгөн жанды кайра тирилткен.

Иса пайгамбар жолдошуна тигинде оюн салып чымын куюн болуп жүргөн чаарчыктарды көрсөтүп: Аллахтын кудуретин өз көзүң менен көрдүң, эми чыныңды айтчы калган нанды ким жеди? – деп сурайт. Жолдошу бул жолу да карганып, нанды жебегендигин айтат. Экөө жолун  андан ары улайт. Бир топ жол баскандан кийин кумдуу жерге келишет. Иса пайгамбар кумдан кичинекей дөмпөк кылып үйүп, анан Аллахка дуба кылат. Аллахтын каалоосу менен үйүлгөн кум алтынга айланат.

— Мобу алтынды азыр үчкө бөлөбүз, бир бөлүгүн мен алам, экинчисин сен аласың, үчүнчү бөлүгүн жанагы үчүнчү токочту ким жесе ошол алат, — дейт. Ошондо жолдошу токочту жегендигин айтып моюнуна алат. Иса пайгамбар ага алтындын баарын берет да:

— Мунун баарын өзүң ал, мындан ары сени менен жолдош боло албаймын деп, — жолун андан ары өзү улайт.

Жолдошу жок жерден бир капчык алтындуу болгонуна сүйүнүп, жолун бөлүп башка тарапка кетет. Кетип бара жатса алдынан эки киши чыгат. Булар ушул чөлкөмдөн өткөн-кеткен жөө-жалаң жүргүнчүлөрдү тоноп жашоо кечирген каракчылар эле. Жалгыз адамга жолукканына сүйүнүп дароо колундагы баштыгына көздөрү түшөт. Баштыгыңда эмне бар? — деп  сурайт бири. Жолоочу анда алтын бар экенин айтат. Алтынды өз ыктыяры менен берсе башы аман каларын, болбосо башын кыя чаап алтынды алып кетишерин айтат. Айласы кеткен жолоочу алтынды үчкө бөлүп бир бөлүгүн өзүнө алып, калганын тигилер алуусун суранат. Тигилер макул болот, бирок жакын жерде айыл бар экенин айтып, ошондон буларга тамак алып келип берүүгө буйруйт. Тамак алып келсе, алтындын бир бөлүгүн кайра берерин убада кылышат да, баштыгын тартып алып, жолго салат. Жолоочу айылга барып суранып жүрүп жегенге тамак табат. Кийин өзүнчө ойлонот: “Алтын меники болсо, эмне үчүн буларга жөн эле берип коюшум керек?”. Анан бир чечимге келип, тамакка уу сээп көтөрүп келет. Келер замат тигилер тамакты алат да, жолоочунун башын кыя чабат. Алардын негизги максаты ушул болчу. Экөө отуруп тамактанат, ошону менен алар да жан таслим болот.

Арадан бир канча убакыт өтүп, Иса пайгамбар жолдоштору менен келе жатса колотто үч адамдын сөөгү жатыптыр. Алардын жанында баштыгы менен алтын жатат. Иса пайгамбар аларга алтынды көрсөтүп: — Көрдүңөрбү, дүнүйө эч кимге дөөлөт болбойт жана аны эч ким өзү менен бирге алып кете албайт, — дейт.

Урматтуу мусулман бир тууганым, бул окуянын канчалык деңгээлде чындыгы бар, бизге бул белгисиз, бирок бизге белгилүүсү дүнүйөнүн дөөлөт болбогону. Бул дүйнөдө канча көп мүлк, байлык топтобогун, андан бир байпакты да кийип кете албайсың. Демек, көр-дүнүйөгө баш отуң менен берилип кирип кетпе. Дүнүйөнү жүрөгүңө эмес чөнтөгүңө сакта.

Абдишүкүр ажы  Нарматов   

 

Эскертүү, малакага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тишулүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр э…

 

 

 


Ушул темага байланыштуу