«Ата-баланын арасын шайтан аралаганда…». Абдишүкүр ажы Нарматов.

Өткөнүн эстеп көзүнө жаш тегеренген жигит кайгылуу күнүн мындайча эскерет: Күндөрдүн биринде атам экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик болуп чыр чыгып калды. Ачууга алдырып, үнүмдү бийик көтөрүп атама кыйкырып алганымды байкабай да калыптырмын. Анысы аз келгенсип колумдагы барактарды атам жакта турган үстөлдүн үстүнө ыргытып жиберип, өзүмдүн бөлмөмө кирдим да, жууркан менен жүзүмдү кошо жабып, чүмкөнгөн бойдон жатып алдым. Көзүмдү катуу жумуп уктап калгым келди, бирок кысылган жүрөк, кыйналган көңүл уйку бербеди. Түн бир оокумга чейин ойгоо жаттым, бирде бери оодарылсам, бирде ары оодарылып жатып таңга маал уктап калыптырмын. Уйкум көпкө узарган жок, анткени жаркырап нурун чачкан күндүн жалын шооласы көзүмө тийип таттуу уйкумду тең бөлүп жиберди. Таң эрте университетке бардым, сабактарга катышып кайра үйгө карай жөнөдүм. Университеттин дарбазасынан чыгып жатып колума телефонумду алып: «Ата! Адам баласынын бутунун ичи, сыртына караганда алда канча жумшак болот деп уктум. Ушул сөздүн чын-төгүнүн билгим келет, ал үчүн бутуңузга эринимди коюп өөп көрүшүм керек болот экен, бутуңуздан өпкөнгө уруксат бересизби?» — деп кат жазып атама жөнөтүп койдум. Жол бою ойго чөмүлүп, атамдын көңүлүн кантип тапсам экен, атамды кантип ыраазы кылсам экен деп үйгө жетип бардым. Дарбазаны акырын ачып үйгө кирсем, көз жашын көл кылган атам мени эшиктин астында күтүп түрган экен. Мени жанына жакын чакырып алып: «Жок!, Сага бутумду өпкөнгө уруксат бербейм. Ал эми сен айткан сөзгө келсек айтканың калетсиз туура. Ал сөздүн туура экендигин сен кичинекей кезиңде бутуңдун ичин да сыртын да өпкөн кезимде билгенмин балам!» — деп мени кучагына бекем кысты. Атамдын ал сөзүн угуп мен да көз жашымды тыя албай ыйладым… Ошондо атамдын кадырын түшүндүм, ошондо атамдын ааламдагы эң кымбат адам экенин билдим жана өткөн түнүм үчүн өкүндүм…

 

Ата-эне ажалы жетип, ичээр суусу, татаар тузу түгөнгөн күнү чыныгы дүйнөгө сапар кылат. Аларды көзү тирүүсүндө сыйлап калалы!. Бизден алыстап акыретке кете электе аларга жакындайлы!. Эгерде ата-энеңиздин экөөсү тең, же алардын бирөөсү түрүү болсо, аларды жоктоп ыйлап калаар күн келгенче кадырлап сыйлап калыңыз!. Эгерде алар бул дүйнө менен кош айтышкан болсо, намаз окуп, садака берип аларга дуба кылганды унутпаңыз!.

Устаз Абдишүкүр Нарматов.


Эскертүү, малакага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Фейсбук баракчабыз;

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр э…