«Жөргөмүштүн үйү» Абдишүкүр ажы Нарматов.

Касиеттүү Куранда мындай аят бар: «Үйлөрдүн эң начары жөргөмүштүн үйү» (Анкабут сүрөсү, 41-аят).

Жөргөмүш үйүн өзү жашоо үчүн эмес, башка бирөөнү кылтактоо үчүн салат. Ошондой эле жөргөмүштүн ургаачысы гана үй салууга кудуреттүү, ал эми анын эркеги үй салууга кадыр эмес.

Жөргөмүштүн ургаачысы урук байлагандан кийин эркегин өлтүрүп, үйүнөн сырткары чыгарып коёт.

Ал эми кичинекей жөргөмүштөр чоңоюшкандан кийин апасын өлтүрүп, үйдүн сыртына чыгарып коюшат экен.

Демек, бул үй-бүлөдөн өткөн жаман, ырксыз үй-бүлө болбосо керек. Жөргөмүштүн үйү өтө бат бузулуп жок болуп кетери да белгилүү. Ошон үчүн Аллах Таала бут-айкелдерге сыйынган бутпарастардын абалын жөргөмуштүн абалына салыштырган. “Аллахтан башка буттарга ибадат кылуучулардын абалы (мисалы) өзүнө үй салган жөргөмүштүн абалына окшош”. (Анкабут сүрөсү, 41-аят).

Жөргөмүш аткарган үч иштен сактаналы:

  1. Ишти бирөөгө зыян берүү үчүн аткаруудан;
  2. Курулушту бошоң, алсыз салуудан;
  3. Үй-бүлөөдөгү ырксыздыктан.

 

Эскертүү, малакага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

 

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

 Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…

 

 


Ушул темага байланыштуу