“ЭР ЖИГИТ ДЕП КИМДИ АЙТАБЫЗ?” Абдишүкүр ажы Нарматов.  

 

Жигитти мечит тарбиялайт деген сөз бар. Жигит деп кимди айтабыз? Күрөшөргө жоо таппай, урунаарга тоо таппай, алдынан чыкканды жыга чапканды жигит дейбизби? Жок, эртең менен үстүндөгү эки килого жетпеген жуурканын серпип салып, ордунан ыргып туруп, даарат алып багымдат намазына жөнөгөн адам чыныгы эр жигит. Эгер жуурканыңды серпкенге күчүң жетпесе, анда жаныңда жаткан аялыңдан айырмаң жок.

Жигит жигиттей болуп күч-кубатка толуусу үчүн да, өзүнүн напсисин жаман иштерден тыя алуусу үчүн да, кыйынчылыктарга сабыр кыла билүүсү үчүн да, эртең менен туруунун ролу чоң. Армияда эмне үчүн эрте тургузат? Эртең мененки энергия алсын деп тургузат.

А динибизде эртең менен турган адам көп нерсеге жетери айтылган. Ырыскың берекелүү болот, эң биринчи аткарган ишиң намаз болсо, башка иштериң да ийгиликтүү болот. Ден-соолугуң чың болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бекеринен: “Аллахым, үммөтүмдүн таңкы убактысына береке бер” деп дуба кылган эмес.

Келгиле, урматтуу жигиттер, жигиттигиңер чын болсо, өзүңөрдү чыныгы эр жигит деп эсептесеңер, эртең мененки намазга тургула. Кулагыңарга шайтанды заара кылдырып жата бербегиле.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

 

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

 

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…