«КЫЯМАТ ЖАКЫНДАГАНДА» Абдишүкүр ажы Нарматов.

 

Чоң фирманы башкарган мүдүр кол астында иштеген үч адамга төмөнкү суроону берет: 2+2=5 болот туурабы? Биринчи жумушчу: «Ооба, 5 болот» — дейт. Экинчи жумушчу: «Ооба, 2+2 ге дагы 1 ди кошуп койсок 5 болот» — дейт. Үчүнчү жумушчу: «Жок, сиздин айтканыңыз ката, 5 эмес 4 болот» — дейт. Эртеси күнү жумушчулар фирмага келип үчүнчү жооп берген жумушчуну таппай калышат. Анын эмне үчүн жумушка чыкпагандыгынын себебин сурап: «Ал жумуштан бошотулду» — деген жоопту угушат. Бул кабар мүдүрдүн орун басарына да жетет, уккан кулагына ишенгиси келбей, кабардын чын төгүнүн мүдүрдүн өзүнөн угайын деп мүдүргө келет. Эмне үчүн үчүнчү жумушчуну иштен бошоттуңуз? — деп сурайт. Мүдүр: «Биринчи жумушчу жалганчы жана ал өзүнүн жалганчы экендигин жакшы билет. Андай адамдар мага керек. Экинчи жооп берген адам акылдуу жана ал өзүнүн акылдуу экендигин билет. Андай адамдар да керек. Үчүнчү жооп берген жумушчу чынчыл жана ал өзүнүн чынчыл экендигин билет. Андай адамдар сени чарчатат жана алар менен иштешүү аябай кыйын» — деп жооп берет. Мүдүр жооп берип эле тим болбойт, жогоруда берген суроосун эми орун басарына узатат: Эми сен айтчы: 2+2=5 болот туурабы?… Орун басары: «Сөзүңүздү уктум, бирок мен сыяктуу адамдар сиздей даанышман адамдардын сөзүн чечмелей побайтный» — деп жооп кайтарат. Мүдүр орун басарына: «Сендей адамдар мунаафык (эки жүздүү) адамдардын катарына кирет» — деп мыйыгынан күлөт.

 

Бул окуя акыр замандын жакындаганын тастыктаган ачуу чындык.

 

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Силерге бир доор келет, ал доордо жалганчылардын айткандарын чын деп эсептеп, чынчылдардын айтканын жалган деп эсептеп калышат. Ал доордо чыккынчыларга  (эки жүздүүлөргө) ишеним артылып, чынчыл адамдардан шек санап ишенбей калышат. Жана ал доордо  кадыр-баркы жок адам, коомчулуктун иштери тууралуу сүйлөп калат».

 

А сиздин оюңузча: 2+2= канча болот?…

 

Абдишүкүр ажы Нарматов.

 

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

 

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

 

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…