«Ошол түнү кантип укташты экен?» Абдишүкүр ажы Нарматов.

Кээ бир адамдардын жашоосунда болуп өткөн ажайып окуяларды укканыбызда же окуганыбызда, жүрөк толкуп, алардын ошол учурдагы абалын көз алдыбызга келтире албай, чолок акылыбыз жетпей: “Алар ошол түнү кантип укташты экен?” деген суроонун кучагында калабыз. Чындап эле, ошол түнү алар кантип укташты экен?”.

Жабалдын уулу Муаз (ага Аллах ыраазы болсун)

Бир күнү сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазга (ага Аллах ыраазы болсун) кайрылып: “О, Муаз! Аллахка ант берип айтам, мен сени жакшы көрөм!” – дейт. Элестетип көрүңүзчү, пайгамбардын “Аллахка ант болсун, мен сени жакшы көрөм!” – деген сөзүн уккан Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) ошол түнү кантип уктады экен?

Увайстын уулу Абдулла (ага Аллах ыраазы болсун)

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдуллага өзүнүн аса таягын карматып, анан: “Мен сени бейиште мына ушул аса таяк аркылуу тааныймын” – деп айтат. Көз алдыңызга элестетиңизчи, ушул түнү Абдулла кантип таң аттырды экен?

Азирети Билал (ага Аллах ыраазы болсун)

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күндөрдүн биринде  Билалды жанына чакырып: “Бейиште сенин чокойлоруңдун таман алдынан чыккан үндү уктум” – дейт.   Ушул сүйүнчүнү уккан күнү Азирети Билал кантип уктады экен?

Хадижа энебиз (ага Аллах ыраазы болсун)

Сырттан кирген пайгамбарыбыз (ага Аллхатын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хадижа энебизге жылмая карап: “Жебрейил периште сага Аллах Тааланын саламын жеткирип келди” – деп сүйүнчүлөйт. Эми элестетип көрүңүз, ошол түнү Хадича энебиз кантип уктады экен?

Каабдын уулу Убай (ага Аллах ыраазы болсун)

Пайгамбарыбыз (ага Аллахын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Убай деген сахабасына: “Мени Аллах Таала сага Курандан кээ бир сүрөлөрдү окуп берүүгө буйруду” – деп айтат. Таң калган Убай (ага Аллах ыраазы болсун): Аллах Таала сизге менин атымды атадыбы? – деп сурайт. “Ооба, сенин атыңды атады” – дейт Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Убай өзүн кармана албай ыйлап жиберет. Бул түнү ал кантип уктады экен?

Чынында, пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллаха ант! Мен сени жакшы көрөм, Жебрейил периште сага Аллах Тааланын саламын айтты, Аллах Таала сенин атыңды атады” – деген сыяктуу сүйүнүчтүү кабарларды уккан сахабалар ошол түнү уктай алды бекен? Деги эле алар ошол мүнөттөн кийин кантип өмүр сүрүштү болду экен? Менимче ошол мүнөттөн кийинки алардын бактысын баяндап же сүрөттөп берүүгө чечендин тили, көсөмдүн сөзү, сүрөткердин калеми алсыздык кылса керек.

Ооба, булар кээ бир гана адамдардын бешенесине жазылган сүрөттөлгүс бактылуу ирмемдер…

 

Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов.

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kgге катталыңыздар…

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.kg

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр… Группа эмес, рассылка!!!


Ушул темага байланыштуу