Пайгамбарыбыздын (сав) ачуусу

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтат: «Бир жолу Убай бин Каьб кубалык адамдарга имам болуп намазга киришти да, узун сүрөнү баштап алды. Алар менен бирге ансарлардан бир жаш бала да намазга киришкен болчу. Качан, ал узун сүрөнү окуй баштаганда бала акырын намаздан чыгып кетти. Ал суу куйуу ишине даярданууну каалайт эле. Намаз окулуп бүткөндөн кийин, адамдар ага баланын намаздан чыгып кеткенин айтышты эле ал ачууланып, Пайгамбарыбызга (Аллах андан ыраазы болсун) арызданып келди. Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тиги бала да арызданып келген болчу. Анын сөзүн укканда Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жүзүнөн ачуулангандыгы билинип, мындай деди: «Чындыгында, силердин араңарда качыруучулар бар. Эгер силер намазга имам болсоңор, анда аны жеңил окугула. Анткени силердин артыңарда алсыздар, карыялар, ооруулар же муктаждар болуусу мүмкүн».

 

Хадистин түшүндүрмөсү:

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган бул хадисте, ал Убай бин Каьбдын жамаатка имам болуп намаз окугандыгы тууралуу айтат. Ал намазга узун сүрөлөрдү кошуп окугандыктан, анын артында намаз окуп жаткан жаш бала намазын бүтүрүп чыгып кетет. Анткени, бул бала кызматчы болгондуктан, анын жумуш аткаруу убактысы келип калган болчу. Намаз окулуп бүткөндөн кийин адамдар имамга баланын намаздан чыгып кеткендиги тууралуу айтышат. Ал бул окуя тууралуу Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтуу үчүн келет. Бул окуяны Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бала да айтып келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) окуяны уккан соң ачуусу келип: » Эгер силер намазга имам болсоңор, анда аны жеңил окугула. Анткени силердин артыңарда алсыздар, карыялар, ооруулар же муктаждар болуусу мүмкүн» — деди.

     Чындыгында, намазды узун жана шашылбастан окуган жакшы. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кээде бир рекетке Бакара, Ниса, Аалу Имран сүрөлөрүн кошуп окуган. Бирок, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мен Аллахка ибаадат кылуу менен күч-кубат аламын» — деп, башкаларды мындай кылуудан тыйган. Ошондой эле нафил орозо кармоочуларды да, ооз ачпастан катары менен орозо кармоодон, же жыл бою орозо кармап жүрүүдөн тыйып: «Орозонун эң жакшысы Аллахтын пайгамбары Дауддун орозосу, ал бир күн орозо кармап, бир күн оозу ачык жүргөн» — деп айткан. Мына ушундай жеңилдиктердин баары Исламдын артыкчылыктарынан. Анткени, Ислам дини жеңил дин. Аллах Таала: «Чындыгында, Аллах Таала силерге жеңилдикти каалайт, оорчулукту каалабайт» — деп айткан. (Бакара, 185-аят). Динде кайсы бир амалды оор кылып көрсөтүү илимсиздиктин айынан болот. Динди оор кылып көрсөтүү, динге жаңыдан кирип жаткандарга терс таасирин тийгизет. Ал эмес, диндеги адамдардын динден чыгып кетүүсүнө себеп болуусу да мүмкүн. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жогорудагы окуяны укканда ачууланып: «»Чындыгында, силердин араңарда качыруучулар бар» — деп айткан. Намазды жалгыз окуган адам каалагандай узун окуса болот. Бирок, адамдарга имам болуп окуган адам намазды жеңил окуганы жакшы. Анткени, анын артында ар кандай абалдагы адамдар болуусу мүмкүн. Ошондой эле намаздын руку жана саждасы да белгилүү бир ченде болууга тийиш. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Намазды, тоок жем чокуган сыяктуу окубагыла» — деп, руку жана сажданы өтө бат кылып намаз окуудан тыйган. Адамдарга имам болуп намаз окуп жаткан адам, ошончо адамдын намазы үчүн Аллахтын алдына жооп берерин ар дайым эсине сактап, намазды талаптагыдай окуп жүрүүсү керек.