УСТАЗ АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВДУН ӨМҮР БАЯНЫ…

Абдишүкүр ажы Нарматовдун өмүр таржымалы…
Нарматов Абдишүкүр Исламович 1968-жылы 8-февралында Баткен облусунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген.
1985-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө ага сержант катары кызматын өтөгөн.
1989-1993-жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы ислам институтун, 1993-2000-жылдары Каирдеги Аль-Азхар эл аралык ислам университетинин «Ислам укугу» факултетин ийгиликтүү аяктаган.
2014-жылы юридикалык факултетте магистратураны артыкчылык менен бүтүргөн. 2000-2003-жылдары “Азирети Умар” атындагы ислам институтунун ректору, 2003-2006-жылдары “Алтын муун” кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2003-2007-жылдары Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы, 2006-2016 жылдага чейин Кыргызстан Ислам Университетинин ректору болуп эмгектенген.
2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2003-2006-жылдары Бишкектеги Ата Түрк сейил багындагы Тоиба мечитинде, 2009-жылдан ушул күнгө чейин 12-кичирайондогу Айша мечитинин минбарында Жума баяндарын жалпы жамаатка баяндап келет.  Ошондой эле, 2001-2006-жылдары коомдук телеканалдагы “Жума хутбасы” көрсөтүүсүндө, 2010-жылдан бүгүнкө күнгө чейин ЭлТР каналында “Жума баяны”, Манас жаңырыгы телевидениесинде “Жума хутбасы” көрсөтүүлөрүндө элге үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө. Учурда  Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрөгасы,   Кыргызстан Ислам университеттинин ректору.  “Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр”, «Багыт»  «Адам адеби менен адам» китептеринин автору. Мындан башка жалпы мусулмандарга арналган маңыздуу жана таасирдүү үгүт-насаат камтыган аудио жана видео дисктердин автору.
Нарматов Абдишүкүр Исламович беш кыз, эки уулдун атасы.