Балдын сырлары Куранда жана хадистерде

Бал

Бал абдан пайдалуу азык. Табигый өсүмдүктөрдүн ширесинен алынгандыктан анын курамында организмге керектүү бардык заттар бар. Балды тамак-аш катары, оорууну алдын алуучу каражат катары жана ооруудан айыктыруучу дары катары колдонууга болот. Аллах Таала ар бир нерсени жаратканда Өз билими жана кудурети менен жараткан. Аллах жараткан нерселердин баары пайдасыз, жөндөн-жөн эле жаратылган эмес. Бал берүүчү аарылар да, бал да адамдарга кызмат кылуу үчүн жаратылган.

Куранда

Куранда Аллах Таала бир сүрөңүн атын «Нахл» кыргызча айтканда «Бал аарысы» деп атаган. Куран сүрөлөрүнүн кайсы бир жаныбардын аты менен аталуусу жөндөн-жөн эле болгон эмес. Ошол жаныбардын таң калыштуу артыкчылыктары болгон үчүн, аны көргөн адамдар Аллахтын жаратуучулук кудуретине ишенүүсү үчүн аларды Куранда айтып өткөн. Куранда: «(Оо, Мухаммад) Сенин Роббиң бал аарыга мындай деп буйруду: «Үйүңдү тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган тарактарга кургун. Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Роббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил жолдордон учуп жүргүн». Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган бал чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) ой жүгүрткөн адамдар үчүн үлгү-сабак бар». (Нахл, 68-69-аяттар).  

Чындыгында, бал аарынын жашоосу абдан таң калыштуу. Гүл ширесин соруп алып, аны балга айлантып чыгарган аарылардын жашоо системасы өтө так түзүлгөн. Бул туурасында кийинки сандарда «Куранда аты аталган жаныбарлар» тизмегинен окуй аласыздар. Ал эми бал туурасында дагы бир аятта: «Такыба адамдар үчүн убада кылынган Бейиште: (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы бузулбаган сүт дарыялары, даамдуу шарап дарыялары жана таза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Роббисинен кечирим бар». (Мухаммад, 15-аят).  Бул аяттан көрүнүп тургандай бал бир гана бул дүйнөдө эмес, Акыретте да адамдарга тамак болот. Бул аяттардан балдын баалуулугун жана пайдалуулугун байкоого болот.

Сүннөттө

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз осуяттарында балдын пайдасы тууралуу абдан көп айтып өткөн. Бир жолу бир адам келип, агасынын ичи ооруп жаткандыгы тууралуу айтат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага бал ичирүүнү буйруйт. Ал экинчи күнү  келип, дагы эле айыкпагандыгын айтат. Пайгамбарыбыз дагы бал ичирүүгө буйруйт. Үчүнчү күнү дагы келип, айыкпагандыгын айтканда, Пайгамбарыбыз:  «Аллахтын айтканы чын, агаңдын ооруганы жалган экен» — деп айтат.

Экинчи бир хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Кимде-ким ар бир айда эртең менен үч күн бал ичсе, ал ар кандай балээлерден алыс болот» — деп айткан. Хадис аалымдарынын айтымында бал бир гана дене ооруларына дары болбостон, рухий жактан да дарылоочу болуп эсептелет. Таза балды ичип жүргөн адам жин-шайтандардын азгырыгынан да алыс болору айтылган.

Дагы бир хадисте: «Силерге Куран менен балда шыпаа бар» — деп айтылган. Куранды окуп дем салуу менен дене оорулары айыгат. Куранды окуп ой жүгүртүү менен жан дүйнөнүн оорулары айыгат.

Балдын курамы

Балдын курамынын 13-22% суу, 75-80% углеводдор (глюкоза, фруктоза, сахароза), В1, В2, В6, Е, К, С витаминдери бар. Балдар ботаникалык, географиялык жактан өңү, даамы жана жыты менен айырмаланышат.

Балдын өңү, даамы жана жыты бал аарыларынын азыктанган өсүмдүгүнө жараша болот. Жалаң бир түрдүү өсүмдүктөрдүн ширесин чогулткан бал аарыларынын балынын жытынан анын кайсы өсүмдүктүн ширесинен жыйналганын билүүгө болот. Адатта бийик тоолуу же тоо этектеринде кармалган бал аарыларынан кубаттуулугу күчтүү балды алууга болот. Жалаң өсүмдүк ширесинен алынган таза балдын жыты аңкып турат жана даамы жагымдуу болот. А балдын түсү жыл мезгилинин өзөрүүсү менен да өзгөрүп турат.

Балдын дарылык касиети

Балды ар дайым чени менен колдонуп жүрүү оорулуу адамга да таза адамга да пайдалуу. Жүрөк, ашказан-ичеги, аз кандуулук, бөйрөк, боор, тери жана эндокриникалык оорууларды алдын алууда балдын пайдасы абдан чоң. Ошондой эле дем алуу органдарынын б.а. ринит, фарингит, синусит, ларингит, бронхит жана бронхиалдык астма оорууларында да балды ичтен пайдалануу зарыл. Балды пайдалануу 1-2 айга созулат, күнүнө 100-150 г, ар 3 саатта 1 чай кашыктан ооздо бир аз кармоо менен ичип туруу керек.

Балды ага аллергиялык диатези барлар, жүрөк клапандары жабыркагандар, дем алуу органдарынан кан кеткендер, ичүүгө болбойт.

Ошондой эле балды беттин терисин тазалоо жана чачты бекемдөө үчүн да колдонууга болот. Пиязды майдалагычтан өткөрүп, 4-5 аш кашык балга аралаштырып чачтын тамырына сүртүп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Жумасына бир жолу жасалган бул маска чачтын түшүүсүн токтотуп, тамырын бекемдейт.

Ал эми жарым аш кашык таза балга 2 аш кашык зайтун (оливка) майын аралаштырып, аралашма салынган идишти кайнак сууга бир аз салып туруп, анан бетке жука катмарда сүртүп, 10-15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Бул маска беттин таза, тунук жана бырышсыз болуусуна шарт түзөт. Мындан сырткары да официалдуу жана элдик медицинада бал аралашмасынан жасалган жүздөгөн маскалардын түрлөрү бар.