“АЛЛАГА КАЙРЫЛАМ, АЛ СЕНИ МАГА ӨЗҮ ЖИБЕРЕТ…” Абдишүкүр ажы Нарматов.

“АЛЛАГА КАЙРЫЛАМ, АЛ СЕНИ МАГА ӨЗҮ ЖИБЕРЕТ…”

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Басралык Исхак бин Аббад деген акылман бар эле. Күндөрдүн биринде ал уктап жатып түш көрөт. Түшүндө: “Муктаждыгынан кайгыга баткан адамга жардам бер!”-деген үндү угат. Таң эрте уйкудан турары менен үй-бүлөсүнөн: “Кошуналардан жардамга муктажы барбы?”- деп сурайт. Алар муктаждарды билбестигин айтат. Ошентип ал күн өтөт. Эртеси күнү түшү дагы кайталанат. Үчүнчү жолу түш көргөндө: “Ордуңдан тур, муктаж адамга жардам колуңду соз, уктап жата бересиңби?” – деген үн угулат. Исхак ойгонор замат чөнтөгүнө үч жүз дирхем (күмүш акча) салып, улоосуна минип мечитке жөнөйт. Мечитке кирсе бир киши намаз окуп, алакан жайып дуба кылып отуруптур. Анын жанына барып: “О, Алланын кулу, түн ортосунда бул жерге келип намаз окуп, дуба кылууңа эмне себеп болду?”- деп сурайт. Ал: “Менин бирөөгө үч жүз дирхем карызым бар эле, ошол карызымдан кутула албай, Алла Тааладан жардам сурап дуба кылып жатамын” — дейт. Исхак чөнтөгүнө салган акчасын алып чыгып: “Мына бул үч жүз дирхем, муну ал да карызыңдан кутул”- деп акчаны сунат. Тиги: “Сиз мени тааныйсызбы?”- деп сурайт, таң калып. Исхак: “Жок, сени тааныбайм, мен болсо Исхак бин Аббад деген пендемин. Эгер кандайдыр бир муктаждыгың болсо, мага кайрыл”, — деп үйүнүн дарегин айтат. Тиги киши: “Сага Алла ыраазы болсун. Эгер кандайдыр бир нерсеге муктаж болсом, анда сага эмес, сени биякка жөнөткөн Жаратуучуга кайрылам, Ал сени мага Өзү жиберет”, — деп жооп кайтарат.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Nasaat.kg

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw…

Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…